ЫСЫК-КӨЛДҮ ЖАҢЫРТКАН ЖАШ ТАЛАНТТАР: «СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН» УНУТУЛГУС ЖЕТИ КҮНҮ 

  • 30.06.2026
  • 0

Агартуу министрлиги менен бирдикте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору Ысык-Көлдүн жээгинде «Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу» республикалык жайкы фестивалын жогорку деңгээлде өткөрдү. Бул маданий иш-чара катышуучулардын өзгөчө даярдыгы, чыгармачылыгы жана улуттук баалуулуктарды аздектей билгендиги менен эсте калды.

ЫСЫК-КӨЛДҮ ЖАҢЫРТКАН ЖАШ ТАЛАНТТАР: "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" УНУТУЛГУС ЖЕТИ КҮНҮ 

 

Маданий мурастар сахнада

«Өз аймагынын маданий мурасын таанытуу» сынагында өлкөнүн булуң-бурчунан келген таланттуу жаштар өз жергесинин өзгөчөлүктөрүн, каада-салттарын сахнада чагылдырып беришти.

Аянтчада атаандаштык эмес, накта өнөр майрамы орун алды:

«Байчечекей» үлгүлүү этнографиялык комузчулар ансамбли «Сезимдеги толгоо» күүсүн кол ойното аткарып, көрүүчүлөрдү суктандырды. Ал эми Оштон келген «Келечек» борборунун тарбиялануучусу Баяман Токтакунов «Бульварымды» жандуу үн менен созолонтуп, калыстардын жогорку баасына татыктуу болду.

ЫСЫК-КӨЛДҮ ЖАҢЫРТКАН ЖАШ ТАЛАНТТАР: "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" УНУТУЛГУС ЖЕТИ КҮНҮ 

Ал эми «Ассоль», «Zirek» (Бишкек, Сузак, Кочкор-Ата, Барпы, Базар-Коргон), «Асман Старс» жана «Келечек Кара-Көл» бий топтору муундан-муунга өтүп келген элдик бийлерди жогорку деңгээлде тартуулашты.

Көл жээгиндеги улуттук оюндар

«Көлдүн жээгиндеги улуттук оюндар» сынагында командалар билек түрө мелдешке чыгышты. Бабалардан калган улуттук оюндар катышуучулардын арасындагы ынтымакты жана командалык духту бекемдеди.

«Сейтек» борборунун Ушу-Кунфу мектеби уюштурган бул мелдешке Кара-Көлдүн «Келечек», Бишкектин «Шаттык», «Ассоль», «Алмаз», «Периште», «Ариет», «Азия-Нур», «Зирек» жана «Азем» топтору катышты. Алар кыргыз оюндары менен катар заманбап спорттук оюндарда да өздөрүнүн мыкты физикалык жана тактикалык даярдыктарын көрсөтө алышты.

ЫСЫК-КӨЛДҮ ЖАҢЫРТКАН ЖАШ ТАЛАНТТАР: "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" УНУТУЛГУС ЖЕТИ КҮНҮ 

Биримдиктин очогуна саякат

Фестивалдын алкагында жаш таланттар атактуу «Рух Ордо» тарыхый-маданий борборуна экскурсияга барышты. Борбордун аймагында сейилдеп, кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана улуу инсандары тууралуу таасирдүү маалыматтарды алышты.

ЫСЫК-КӨЛДҮ ЖАҢЫРТКАН ЖАШ ТАЛАНТТАР: "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" УНУТУЛГУС ЖЕТИ КҮНҮ 

«Рух Ордонун» эң негизги өзгөчөлүгү — дүйнөлүк беш негизги динди айкалыштырган ак түстөгү беш капелла болду. Катышуучулар бул жай улуттар аралык достуктун жана диндердин биримдигинин чыныгы үлгүсү экенине дагы бир ирет ынанышты.

Шайыр «Нептун күнү» жана италия ырлары

Көл жээгиндеги салттуу «Нептун күнү» майрамы да өзгөчө шаң менен өттү. «Исламий» жана «Ассоль» ансамблдери уюштурган бул иш-чарада катышуучулар кызыктуу образдарды жана костюмдарды көрсөтүштү.

ЫСЫК-КӨЛДҮ ЖАҢЫРТКАН ЖАШ ТАЛАНТТАР: "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" УНУТУЛГУС ЖЕТИ КҮНҮ 

«Шаттык», «Ассоль», «Ариет» үлгүлүү бий ансамблдери көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачса, Оштон келген Бахтияр Токторбаев италия ырларын созолонтуп, жүрөктөн түнөк тапкан сонун музыкалык номер тартуулады. Жаш таланттардын өнөрү катышуучуларга унутулгус эмоцияларды жана позитивдүү маанай сыйлады. Мындан сырткары, «Кумдуу Кыргызстан» , «Фотоаңчылык» сынактарына да балдар активдүү катышып, баалуу белектерге татыктуу болушту.

Күүнүн эпкини менен коштолгон кеч

Ошентип, жети күндүн ичинде жаш таланттар кечинде салтка айланган дискотекада заманбап хит ырлардын коштоосунда бийлеп, күндүзгү алган таасирлери менен бөлүшүп, шайыр мүнөттөрдү өткөрүштү.

ЫСЫК-КӨЛДҮ ЖАҢЫРТКАН ЖАШ ТАЛАНТТАР: "СЕЙТЕКЧИЛЕРДИН" УНУТУЛГУС ЖЕТИ КҮНҮ 

Фестиваль өз максатына жетип, жаштардын башын бириктирди. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгиндеги унутулгус жети күн катышуучулар үчүн кылымга тете болду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Сүрөттөр Олег Коженковдуку

Бөлүшүү

Комментарийлер