ЫСЫК-КӨЛДӨ СЕМИНАР

  • 27.08.2019
  • 0

Чолпон-Ата шаарында Ош мамлекеттик университети жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн биринчи жолу «Кыргызстандын ЖОЖдорунун эл аралык атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу» аттуу эл аралык семинар өткөрүп жатат.

ЫСЫК-КӨЛДӨ СЕМИНАР

Иш-чара Ош мамлекеттик университети кабыл алган университеттин беш жылдык өнүктүрүү концепциясынын негизинде иштелип чыккан. Анда университеттин дүйнөлүк аренада атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу, дүйнөлүк рейтингдерге кирүү максаты коюлган.

Семинарда QS (Quacquarelli Symonds (QS World University Rankings)  компаниясынын өкүлү, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Зоя Зайцева спикер катары маалыматтары менен бөлүшүүдө. Анда катышуучулар эл аралык илимий публикациялар, бүтүрүүчүлөр менен иштешүү, ЖОЖдун таанымын жогорулатуу, чет элдик студенттерди тартуу сыяктуу маалыматтарды алып жатышат.

ОшМУ 2024-жылга чейин дүйнөдөгү 700 алдыңкы университеттердин катарына кирүүгө белсенүүдө. Буга ылайык, «ОшМУ классикалык университеттен – изилдөөчү инновациялык университетке карай» деген аталыштагы 2024-жылга чейинки өнүктүрүү концепциясын кабыл алган.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер