ЫСЫК-КӨЛДӨ МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР ӨТТҮ

  • 06.07.2026
  • 0

Ысык-Көл жергесинде менталдык арифметика боюнча кезектеги FOC ачык Эл аралык турнири жогорку деңгээлде уюштурулду. Билим берүү мейкиндигинде өзгөчө орунду ээлеген бул интеллектуалдык таймашка жалпысынан 16 командадан 220 окуучу катышып, өз ара күч сынашты.ЫСЫК-КӨЛДӨ МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР ӨТТҮАталган эл аралык турнирге Академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук жатак мектебинин окуучулары да жигердүү катышып, чоң ийгиликтерди багындырышты. Менталдык арифметика боюнча тренер Төлөбек кызы Нуризанын жетекчилиги астында барган 3 окуучу тең байгелүү орундарга ээ болуп, мекенине кубок жана медалдар менен сыймыктануу менен кайтышты.

Тактап айтканда, Майназарова Арууке В категориясы боюнча эки башка форматта катышып, жазуу түрүнөн да, экран форматынан да 2-орундарды багындырып, кош ийгилик жаратты. Ал эми С категориясы боюнча экран форматында күч сынашкан Турдумамбетова Сымбат 2-орунду камсыз кылса, ушул эле категорияда Дуйшөнкулова Айлин мыкты көрсөткүч менен 3-орунга ээ болду. Нарындык жаш акылмандардын бул жеңиши мектептин гана эмес, жалпы облустун сыймыгы болуп саналат.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер