ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ

  • 02.07.2026
  • 0

Бүгүнкү глобалдашуу доорунда өсүп келе жаткан муунга улуттук баалуулуктарды сиңирүү, алардын мекенчилдик сезимин ойготуу — мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык маселе. Жаштардын чыгармачылыгын колдоо жана аларды биримдикке чакыруу багытында жакында эле Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн «Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу» республикалык жайкы фестивалы мунун ачык далили болду.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮАгартуу министрлиги менен бирдикте Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору тарабынан уюштурулган бул иш-чара өлкөнүн келечегин калыптандыруучу маданий аянтчага айланганын көрсөттү.

Маданият — улуттун жүзү: Сахнадагы улуттук дух

Алты күнгө созулган фестивалдын соңку аккорду зор гала-концерт менен жыйынтыкталды. Иш-чаранын башкы өзгөчөлүгү — анын географиялык масштабында жана мазмунунда болду. Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Баткен облустарынан, Манас шаары жана башка аймактардан келген 600дөй таланттуу балдар бир сахнада ырдап, бийлешти.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮФестивалдын башкы миссиясы — аймактар ортосундагы маданий интеграцияны күчөтүү. Анткени өлкөнүн туш тарабынан келген балдардын аралашуусу улуттук биримдиктин бекем пайдубалын түптөйт.

Ошентип, келген командалар («Шаттык», «Ассоль», «Ариет», «Келечек», «Алмаз», «Зирек» ж.б.) эки саат бою көрүүчүлөрдүн көзүнүн жоосун алган улуттук кийимдери жана заманбап, улуттук бийлери менен элдин духун көтөрүштү. Өзгөчө, «Байчечекей» фольклордук-этнографиялык ансамбли, «Азем» жана «Келечек-Ош» комузчулар топтору кыргыз күүлөрүн жандуу аткарып, улуттук аспаптарда кол ойнотушканда, көрүүчүлөрдүн улуттук сыймыктануу сезими туу чокусуна жетти.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ

Жабылуу аземинде сөз сүйлөгөн «Сейтек» борборунун директору Эрик Латыпов: «Биринчи жолу келип жаткан командалардын даярдыгы бизди суктандырды. Эң башкысы, фестиваль балдарды биримдикке, ынтымакка чакырды», — деп уюштуруу иштеринин негизги максатын баса белгиледи. Андан сырткары, борборду 30 жыл бою башкарып, анын өсүп-өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон КР эмгек сиңирген кызматкери Сабийра Челпакованын сахнага чакырылып, балдарга бата бериши — муундар ортосундагы сабактын, улууну урматтоонун сонун үлгүсү болду.

«Сейтек» бир гана хореография эмес, инсанды тарбиялоочу борбор

Бул фестивалдын натыйжалуулугун талдоодо бир жагдайга өзгөчө көңүл бурууга туура келди. «Байчечекей» ансамблинин тарбиялануучулары Аруузат менен Аруужандын (бул эки кыз менен алты күн бою бир столдо отуруп, тамактандык) жүрүм-туруму, кичи пейилдиги жүрөктү жылытты. Эң башкысы алардын жетекчиси Батма Алдабекованын тарбиялануучулары кичүүлөрүн көзөмөлдөп, бири-бирин тарбиялап турганына өзгөчө маани бурганы жакты.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ

Бул эмнени түшүндүрөт?

Бул — заманбап коомдо унутулуп бара жаткан «улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо» деген улуттук коддун сакталып калганынын белгиси. Демек, «Сейтек» борбору балдарга жөн гана бийлегенди же ырдаганды үйрөтпөстөн, алардын ички руханий дүйнөсүн, улуттук өзөгүн калыптандыруу боюнча чоң институттук милдетти аткарып жатат.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ

Санариптик мейкиндик жана «Фото аңчылык»

Бул жылкы фестивалдын уюштуруучулук форматында чоң креативдүү кадам байкалды. Ал — катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жараткан «Фото аңчылык» сынагы болду. Борбордун жооптуу адиси Улан Жанболот уулунун айтымында, сынак катуу тартип жана коопсуздук эрежелери астында өттү (баары бирге жүрүүсү шарт, даракка чыгууга, сууга уруксатсыз түшүүгө тыюу салынган).

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ

Сынактын маңызы — балдардын креативдүүлүгүн, командалык духун жана логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүүдө жатат.

Инновациялык мамиле

Балдар «Биз – кыялдагы командабыз!», «Убакытта токтоп калгандай» же «Шамалды кармадык!» сыяктуу ондон ашык креативдүү темада сүрөткө түшүшүп, өздөрүнүн ички эмоционалдык абалын ачып беришти. Эң башкысы, бул сүрөттөр дароо борбордун расмий Instagram баракчасына (@seitek_borboru) жайгаштырылып, заманбап SMM куралдары аркылуу мекенди таанытуу идеясы санариптик мейкиндикке чыгарылды. Бул — заман талабы.

Сыйлыктар жана тажрыйба алмашуу

Фестивалдын алкагында уюштурулган теплоходдогу саякат балдардын Ысык-Көлгө болгон сүйүүсүн арттырса, жеңүүчүлөргө берилген баалуу белектер жана ыраазычылык каттар алардын эмгегин баалоонун символу болду.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ

Бирок эң башкы сыйлык — бул тажрыйба. Зирек (Кочкор-Ата) тобунун жетекчиси Айпери Абдыкадырованын сөзү аймактардагы ийримдердин абалын чагылдырат:

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ«Биз биринчи жолу 139 тарбиялануучу алып келдик. Улуттук бийлерибиздин ар бир кыймылын берүүгө аракет кылдык. Бирок борбор шаардык топтордун өтө күчтүү экенин көрүп, үйрөнө турган жакшы жактары көп экенин түшүндүк». Бул моюнга алуу — аймактык жетекчилер үчүн чоң мотивация жана мындан аркы өсүүгө кадам.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ

Сөз соңу

«Мекеним Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу» жайкы фестивалы өз максатына жетти. Ал өлкөнүн булуң-бурчунан келген балдардын башын бириктирип, арасында достук көпүрөсүн кура алды. Бул балдар үйлөрүнө жөн гана белектер менен эмес, «биз бирдиктүү Кыргызстандын балдарыбыз» деген улуу сезим жана жаркын эскерүүлөр менен кайтты. Иш-чараны уюштурган «Сейтек» борборунун бул аракети мамлекет тарабынан дайыма колдоого алынууга тийиш.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ АЛТЫ КҮН: ЖҮРӨКТӨРДӨ УЛАНГАН ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ

Р.S. Баса, алты күн бою түн ортосуна чейин иштешкен «Кут Билим» гезитинин мектептер бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Алыбаева менен веб-редактор Бурулкан Кенжебекова «Сейтек» борборунун Ыраазычылык каты менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер