ЫСЫК-КӨЛДӨ «АЛТЫН КАЗЫК» ПРОГРАММАСЫНЫН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 08.06.2026
- 0
Ысык-Көл облусунда билим берүү тармагындагы реформалардын жүрүшүн жана «Алтын казык» мамлекеттик программасынын алгачкы окуу жылындагы жыйынтыктарын коомчулукка тааныштыруу максатында масштабдуу форум өттү. Иш-чаранын негизги максаты — программанын алгачкы жетишкендиктерин ата-энелер жана коомчулук менен биргеликте кеңири талкуулоо, ошондой эле билим берүүнү жаңылоо боюнча реформалардын кийинки этаптары тууралуу маалымат берүү болуп саналат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, облустун педагогикалык кызматкерлери, ата-энелер коомчулугу, жеке менчик мектептердин өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Форумдун жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баяндама жасап, «Алтын казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында бир жыл ичинде жетишилген негизги көрсөткүчтөр, системадагы өзгөрүүлөр жана алдыдагы стратегиялык пландар тууралуу кеңири маалымат берди.
Форумдун алкагында ата-энелер үчүн атайын суроо-жооп аянтчасы уюштурулду. Анда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, усулчулар жана жооптуу адистер билим берүү тармагына байланыштуу жарандарды кызыктырган актуалдуу суроолорго түз жана ачык жооп беришти.
Бул форум билим берүү тармагындагы реформалар боюнча ачык диалогду өнүктүрүүгө, ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатууга жана мектеп менен үй-бүлөнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоого багытталган өнөктөштүк көпүрөсү болуп калды.
Эске салсак, буга чейин билим берүүнү жаңылоого багытталган мындай аймактык форумдар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ийгиликтүү өткөрүлгөн.


Комментарийлер