«ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ»

  • 06.03.2019
  • 0

Чолпон-Атада мугалим эжейлер арасында 8-март майрамына карата өткөрүлгөн “Ысык-Көл жылдызы” сынагы чыныгы чыгармачылык атаандаштык менен кесиптик тилектештиктин өзүнчө бир майрамы болуп калды.

 

"ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ"

"ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ"

"ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ"

Сынактын финалдык бөлүгү Чолпон-Атадагы А. Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында өттү. Алдыга суурулган жети финалист өздөрүн чыгармачылык менен тааныштырып, андан кийин классикалык жана заманбап бийлерди аткарышты. Ошондой эле адеми көйнөктөрүн кийип чыгышып, элеганттуулук жагынан да сындан өтүштү. Акырында баланы бешикке бөлөө ырым-жырымын аткарышып, улуттук салт менен маданиятты билүү жагынан да өздөрүн көрсөтүштү.

"ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ"

"ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ"

Натыйжада баш байгеге Нурдөөлөт ата атындагы мектептин башталгыч класстар мугалими Сурабаева Бегимай татыктуу болду. А. Мамытов атындагы мектептин кытай тили мугалими Аскербекова Мээрим дагы конкурска өзүнүн жогорку даярдыгын көрсөттү. Көп жагынан калыстар тобунун купулуна толду, ошол себептүү жалпы жыйынтыкта биринчи орунга чыкты. Биринчи орунга ошондой эле Т. Атаев атындагы мектептин биология мугалими Максат кызы Элнура да татыктуу болду.

 

 

"ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ"

Баш байгеге татыктуу болгон Сурабаева Бегимай

"ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ"

Биринчи орунду багындырган Аскербекова Мээрим

 

"ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ"

 

Экинчи эки орунду химия мугалими Кариева Айжан, информатика мугалими Айзада Тунгатарова ээледи. Үчүнчү үч орунга тийиштүү түрдө кыргыз тили, адабияты мугалими Агатаева Динара, башталгыч класс мугалимдери Мукамбетова Медина менен Айтбаева Аида чыкты.

Жеңүүчүлөрдү сынактын башкы демөөрчүсү БТА-Банк турмуш-тиричиликке өтө керектүү болгон техника менен сыйлады.

Бул сынак райондук билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюз комитети тарабынан мугалим эжейлерди чыгармачылык жагынан шыктандыруу, алдыңкы айымдардын жогорку маданияты, интеллектуалдык деңгээли менен сулуулук сапаттарын даңазалоо максатында өткөрүлдү.

"ЫСЫК-КӨЛ ЖЫЛДЫЗЫ"

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер