Ысык-Көл: Суучулдары көлдүн астынан 16 721 кг таштанды, 103 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты
- 21.09.2023
- 0
Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көлдүн астынан 16 721 кг таштанды, 103 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку апта ичинде Чолпон-Ата шаарындагы “Бакыт” жана “Голубой Иссык-Куль” пансионаттары эки жолу тазаланды. Андан соң суучулдар облустун Тоң районунун Кара-Шаар, Кара-Талаа, Ак-Сай айылдарынын көл астын тазалашты.
Жалпы 2023-жылдын 12-мартынан тарта 156 күн ичинде Ысык-Көлдүн 246 283,5 гектар аянты тазаланды. Учурда иш уланууда.
Өөгөчө кырдаалда министрлиги Ысык-Көлдү балык улоочу тордон жана таштандыдан тазалоону 12-мартта баштаган.
Бөлүшүү
Комментарийлер