ЫСЫК-КӨЛ ОБЛАСТЫНДА 3 БАЛА БАКЧА МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- 22.07.2023
- 0
2023-жылдын 1-жарым жылдыгында Ысык-Кѳл областынын прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жалпы баасы 35 млн 610 миң сомго бааланган 3 бала бакча жана жалпы аянты 5 764 чарчы метр болгон жер тилкелери менен биргеликте муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул жөнүндө Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Ак-Суу районунун Ак-Булун айылындагы 26 млн 10 миң сомго бааланган “Балажан” бала бакчасы, Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Арчалы айылындагы 2 млн 200 миң сомго бааланган бала бакча, ошондой эле Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан 7 млн. 400 миң сомго бааланган “Киров” атындагы бала бакча мамлекеттин балансына толук алынды.
Бөлүшүү
Комментарийлер