“ЫСЫК-КӨЛ ДОСТОРУН ЧАКЫРАТ-2020” XI ЭЛ АРАЛЫК ЭТНО-КАРНАВАЛЫНЫН ЖОБОСУ

  • 25.02.2020
  • 0

Буйрук № 1492/1 2019-жылдын 20-декабры

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Ысык-Көл досторун чакырат-2020» XI Эл аралык этно-карнавалын өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш чаралардын алкагында, Кыргызстандын, КМШ жана чет өлкөлөрдүн этномаданияттык баалуулуктарын өздөштүрүү, кайра жаңылантуу жана сактоо, достук мамилени орнотуу, маданият аралык диалогду өнүктүрүү. Ата мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо, ар түрдүү өлкөлөрдүн таланттуу балдарынын жана жаштарынын чыгармачылык жактан мамиле түзүүсүнө көмөк көрсөтүү, кошумча билим берүү мугалимдеринин усулдук, билим берүүчүлүк, чыгармачылык иштери боюнча тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү максатында, буйрук кылам:

1.«Ысык-Көл досторун чакырат-2020» Эл аралык этно-карнавалы 2020-жылдын 13-20-июлунда өткөрүлсүн.

2.Этно-карнавалды өткөрүү боюнча уюштуруу тобу, жобосу жана катышуучулардын бөлүштүрүү курамы 1, 2, 3 – тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Аймактардан келген катышуучулардын жетекчилеринин иш сапарга кеткен чыгымдары иш сапарга жөнөткөн тараптан каржылансын.

4.Этно-карнавалды уюштуруу жана өткөрүү «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна (Д.С.Мусина) жүктөлсүн.

5.Эл аралык этно-карнавалын өткөрүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлсүн.

6.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысына (М.Ж.Усеналиев) жүктөлсүн.

Министрдин орун басары               Джусупбекова Н.С.

 

Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “ЫСЫК-КӨЛ ДОСТОРУН ЧАКЫРАТ-2020” XI  ЭЛ АРАЛЫК ЭТНО-КАРНАВАЛЫНЫН ЖОБОСУ

Этно – карнавалдын максаты:  Кыргызстандын, КМШ өлкөлөрүнүн жана чет өлкөлөрдүн этномаданияттык баалуулуктарын өздөштүрүү, кайра жаңылантуу жана сактоо;  достук мамилени орнотуу, маданият аралык диалогду өнүктүрүү; ар түрдүү өлкөлөрдүн таланттуу балдарынын жана жаштарынын чыгармачыл баарлашуусуна шарт түзүү; кошумча билим берүү мугалимдеринин усулдук, билим берүүчүлүк, чыгармачылык иштер боюнча тажрыйба алмашуусу.

Этно – карнавалдын уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
  • «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору – ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Алгачкы клубу

Өнөктөштөр:

  • ЮНЕСКО клубдарынын Азиялык-Тынч океандык Федерациясы жана Ассоциациясы (Кыргызстан)
  • Каз ФУГА
  • Балдарга кошумча билим берүүнүн Евразиялык Ассоциациясы
  • ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Клубдарынын Ассоциациясы
  • КРнын маданият, туризм жана маалымат министрлиги
  • Бишкек шаарынын мэриясы
  • Республикалык МАИ.

Өткөрүү орду:

  • Бишкек шаары, Кыргызстан.
  • Ысык-Көл областы (күнгөй жээги), Кыргызстан.

Этно-карнавалга катышуучулардын жаш курагы 9 жаштан 17 жашка чейин.

Этно-карнавалдын өтүү мөөнөтү:

  • Этно-карнавалга 2020-жылдын 13-июлунда саат 15:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарына келүү.
  • Этно-карнавалдын ачылышы 2020-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында өтөт.
  • 2020-жылдын 14-июлунда саат 15:00дө Бишкек шаарынан Ысык-Көл областына чыгуу.
  • 2020-жылдын 20-июлунда 10:00дө Ысык-Көл областынан Бишкек шаарына келүү жана андан ары Бишкек шаарынан жөнөп кетүү.

2020-жылдын 14-20 июлундагы этно-карнавалдын программасы:

  • өлкөнүн этномаданиятын көрсөтүү (бий, ыр жана музыкалык фольклор);
  • этно-карнавалдын катышуучуларынын гала-концерти;
  • Кыргызстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Индиядан өнөр чеберлери менен өтүлүүчү бий, вокал, элдик аспаптар боюнча мастер-класстар.
  • Этно-карнавалдын алкагында балдар чыгармачылыгынын “Ысык-Көл досторун чакырат” аттуу VII эл аралык сынагы: эстрадалык ыр, элдик аспап, элдик бий аталмалары боюнча өткөрүлөт.

Программанын педагогикалык камсызданышы:

  1. Ар бир өкүлчүлүккө коштоочу (гид).
  2. Программага интерактивдик, таанып билүүчүлүк оюндарды, сынактарды, суроо-жоопторду камтыган кечки иш чаралар өтөт.
  3. Өлкөнүн же аймактын маданияты менен тааныштыруу кечелери.

Өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери  үчүн IX эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.

Жашоо шарттары:  3-4-5-6 орундуу, бардык ыңгайлуулуктар каралган бөлмөлөр, 5 жолу тамактануу.

Катышуучулар өздөрү менен зарыл болгон бардык каражаттарды алып келүүлөрү керек:

  • Музыкалык чыгармачылык жамааттар:
  • өз өлкөсүн, аймагын көрсөтүү үчүн улуттук кийимдер;
  • мини дискте, (USB) флеш-топтоочуда фонограммалар;
  • ачылышта өз өлкөсүн же аймагын көрсөтүүчү 3-8 мүнөттүк аталмалар боюнча музыкалык номер;
  • Бий боюнча сынакка катышуучулар: машыгуу үчүн кийим, чешкалар, мини дискте, (USB) флеш-топтоочуда фонограмма;
  • Ыр боюнча сынакка катышуучулар: фонограммы (плюс, минус), концерттик костюмдар;
  • Аспап боюнча сынакка катышуучулар: элдик аспаптар, улуттук костюм.

15тен (он беш) ашык сандагы топтун жетекчиси уюштуруу төгүмүнөн бошотулат. Көңүл бургула!

Өкүлчүлүктөр:

— өз өлкөсүнүн стандарттык көлөмдөгү 2 желек алып келүүлөрү керек (бир желекти илгичке илип жогору көтөргөнгө, экинчиси парадга катышуу үчүн) майда желектер катышуучулардын санына жараша, жарнамалык буклеттер, маалымат баракчалар, катышуучу өлкө жөнүндө билдирген ар түрдүү материалдар;

— ар бир өкүлчүлүк расмий өкүлдөргө тапшыруу үчүн 3 улуттук белек алып келүүлөрү зарыл;

— CD, флеш-топтоочуда (USB) жана мини-дискте жазылган өз өлкөсүнүн Гимнинин  фонограммасы.

Этно-карнавалга келген учурда бардык уюштуруу маселелери түздөн-түз топтун жетекчиси менен чечилет.

Этно-карнавалга катышууга жана автобустагы орунга өтүнмөнү 2020-жылдын 1-апрелине чейин [email protected] электрондук почтасына жиберүү зарыл.

Жиберилген өтүнмөлөргө ылайык, уюштуруучулар 15-апрелге чейин этно-карнавалга катышууга расмий чакыруу жиберишет. Расмий чакыруу алган өкүлчүлүктөр этно-карнавалдын катышуучулары болуп саналышат. Расмий чакыруудан кийин катышуучулардын сандык курамы жана аты-жөнү өзгөртүлбөйт!  

Чет өлкөлүк катышуучулардын этно-карнавалдын өтүү ордуна чейинки жол киреси жөнөтүүчү тараптын же катышуучулардын өз эсебинен жүргүзүлөт.

Этно — карнавал боюнча материалдар «Балажан» борборунун www.balajan.kg  сайтында жайгаштырылган.

Күндүн, эс алуунун жана чыгармачылыктын дүйнөсүнө кош келиңиздер!

 Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган

“Ысык-Көл досторун чакырат-2020” эл аралык этно-карнавалына катышууга Өтүнмө

Кыргызстан,  13 -20 июль, 2020-ж.

БУЛ ФОРМАНЫ толтуруп, 2020-жылдын 1-апрелинен кеч эмес жибериңиздер

ӨлкөМекеменин, мектептин, студиянын аталышы
Шаар, областьМекеменин дареги, тел., факс, e-mail:
Коштоочу адамдар

аял, эркек

Байланыш маалыматтар (иштеген жери, кызматы,  тел, уюлдук байланыш)

 

    №Катышуучунун фамилиясы, атыТуулган жылы, айыкыз.эрк.Кайсы мастер-класска катышат
Келүү күнүКетүү күнү
Келүү саатыКетүү сааты
Келүү ордуКетүү орду
Келүү транспортуКетүү транспорту
Автобустагы орунга өтүнмө

 

Бир жагынаЭки жагынаБалдардын саныЧоңдордун саныБардык орун

Биздин байланыштар: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Москва көч. 53. (+996 312 383260, +996 312 881211, + 996 312 486475, факс: +996 312 486319; e-mail: [email protected]; сайт: www.balajan.kg).

Кайрылыңыздар:

Мусина Дария Сапарбековна — «Балажан» борборунун директоруна,

Молдалиева Замира Абыкановна – «Балажан» борборунун директорунун орун басарына,

Акбаралиева Адиля Ильдаровнага

 

Тиркеме 2.1.

 Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына  арналган “Ысык-Көл досторун чакырат-2020” балдар чыгармачылыгынын VII эл аралык сынагынын  ЖОБОСУ

Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына арналган “Ысык-Көл досторун чакырат-2020” балдар чыгармачылыгынын VII эл аралык сынагынын

уюштуруу комитети жаш ырчыларды, бийчилерди жана музыканттарды сынакка катышууга чакырат.

Сынактын уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
  • «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору
  • «Барчын» балдардын эл аралык спорттук, ден-соолук чыңдоочу комплекси

 Сынактын максаты жана милдеттери:

  • Сынакка катышуучу балдардын жарандык жана патриоттук аң-сезимин өнүктүрүү.
  • КМШ өлкөлөрүнүн жаш муундарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы жогорку хореографиялык өнөрдү жана маданиятты бекемдөө, өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу.
  • КМШ өлкөлөрүнүн балдарына жана өспүрүмдөрүнө маданият, искусство менен таанышууга жана өз өлкөлөрүнүн көркөм салттарынын үлгүлөрүн көрсөтүү үчүн кеңири мүмкүндүктөрдү берүү.
  • Таланттуу балдарга жана жаштарга алардын чыгармачылык дараметин ишке ашырууда колдоо көрсөтүү.
  • Элдик чыгармачылыктын көп түрдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана сактоого жардам берүү.
  • Балдардын жана өспүрүмдөрдүн көркөм жамааттарынын көркөм жетекчилеринин жана алардын уюштуруучуларынын тажрыйба алмашуусу үчүн шарт түзүү.
  • Сынактын катышуучуларынын өз өлкөсү үчүн жоопкерчилигин, лидердик сапатын өнүктүрүү.

 Сынактын программалык талаптары:

Сынакка катышуучулар сөзсүз түрдө сынактык өтүнмөнү толтуруулары керек.

Сынактык өтүнмөсүз катышуучулар сынакка киргизилбейт.

Сынактын катышуучуларына даярдык көрүү убактысы кепилденет.

Сахнага чыгуу кезеги ат калчоо менен аныкталат.

Бардык чыгармалар жатка аткарылат.

Сынактар бардык аталмалар боюнча айкын өткөрүлөт.

Сынактын калыстар тобу.

Сынактын калыстар тобунун курамы Уюштуруу комитети менен түзүлөт. Калыстар тобунун курамына: кыргыз жана чет өлкөлүк эстрада жылдыздары, балдар музыкалык мектептеринин жана балдар өнөр мектептеринин, жогорку, атайын-орто окуу жайларынын  алдыңкы мугалимдери, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмерлер кирет. Аталган иш чарага катышуучуларды алып келген жетекчилер калыстар тобунун катарына кире албайт.

Калыстар тобу укуктуу:

-сынактын баш байгесин ыйгарууга;

-катышуучуларды диплом менен сыйлоого, сувенир белектерди тапшырууга;

-атайын сыйлыкты ыйгарууга;

-сынакка даярдаган жана катыштырган мыкты мугалимдерге жана өздүк көркөм чыгармачылык жетекчилерине ыраазычылык каттарды тапшырууга;

-эч кандай сыйлыктарды тапшырбоого.

Калыстар тобу регламенттен чыккан аткарууларды токтотуп коюуга чечим чыгарууга укуктуу.

Жобонун талаптарына туура келбеген аткарууларду калыстар тобу баалабайт.

Сынактын жыйынтыгы боюнча ар бир аталмада калыстар тобу топтордун жетекчилери, мугалимдер, өздүк көркөм чыгармачылык жетекчилери үчүн аткарууларды жана сынактын жыйынтыгын талкуулоо менен “тегерек стол” өткөрөт.

Ар бир аталма боюнча калыстар тобу пикир алмашуу жана добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат.

Калыстар тобунун чечими анын мүчөлөрү кол койгон токтомго киргизилет.

Калыстар тобунун чечими сынак болгон күнү жарыяланат жана кайра каралбайт.

Уюштуруучулар “Ысык-Көл досторун чакырат — 2020” балдар чыгармачылыгынын VII эл аралык сынагынын программасынын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө катырыт.

Аталма Жаш курактык топтор (жаш кирет)Программалык талаптар, баалоонун негизги чен өлчөмдөрү
Жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектептен тышкаркы уюмдардын окучулары үчүн эстрадалык ырдоо

— жекече аткаруу

— фонограмма: минус 1, алып жүрүүчү CD, MD дисктер,USB-флеш-топтоочу

— бэк-вокал  киргизилбейт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

9-13

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

14-17

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   Сынак 1 тур менен  жана эки мезгилде өтүлөт.

1. Согуш мезгилдеги ырлдар жана Улуу Ата-Мекендик согуштагы Женишке арналышы ырлар болуусу керек.

2. Мекенди сүйүүгө арналган ырлар болушу керек (туулган жерге, анын жаратылышына, элдерине, ата-энеге, жакындарына болгон сүйүү).

Экинчи ыр калыстардын чечими боюнча аткарылат.

Аткарылуучу ырлар техникалык татаалдыгы жана образдык түзүлүшү боюнча аткаруучунун жаш курагына туура келиши керек. Ырлар түрдүү мүнөздө болушу керек.

Программанын жаңыруусунун жалпы узактыгы  8 мүнөткө чейин.

Сынактын ар бир катышуучусу чыгарманын сөзүнүн  жана музыкасынын авторун билүүсү милдеттүү түрдө.

 

Сынак 1 тур менен  жана эки мезгилде өтүлөт.

1. Согуш мезгилдеги ырлдар жана Улуу Ата-Мекендик согуштагы Женишке арналышы ырлар болуусу керек.

2. Мекенди сүйүүгө арналган ырлар болушу керек (туулган жерге, анын жаратылышына, элдерине, ата-энеге, жакындарына болгон сүйүү).

Экинчи ыр калыстардын чечими боюнча аткарылат.

Аткарылуучу ырлар техникалык татаалдыгы жана образдык түзүлүшү боюнча аткаруучунун жаш курагына туура келиши керек. Ырлар түрдүү мүнөздө болушу керек.

Прогамманын жаныруусунун жалпы узактыгы  8 мүнөткө чейин. Сынактын ар бир катышуучусу чыгарманын сөзүнүн  жана музыкасынын авторун билүүсү милдеттүү түрдө.

Чет тилдериндеги ырлар аткарылган учурда калыстар тобуна ырдын текстинин котормосу басма түрүндө берилүүсү талап кылынат.

      Баалоонун  негизи чен өлчөмдөрү: ырдын образдык түзүлүшүн ачып бере алган көркөм аткаруунун деңгээли; техникалык вокалдык ыкмаларга ээ болуу деңгээли; аткаруунун сахналуулугу жана маданияты; репертуардын катышуучу көрсөткөн региондун элдик каада-салтына жана аткаруучунун жаш курагына туура келиши; костюму (фольклордук элементтердин болушу сөзсүз түрдө, мүмкүн болушунча регионалдык элементтерди пайдалануу)

 

Эскертүү: чыгарманын авторун билбеген катышуучулар сынактык программага киргизилбейт.!!!  Гала-концерт үчүн ар бир аткаруучунун 1 плюс фонограммасын берүү керек. Уюштуруучулар зарыл болгон учурда пайдаланышат.     

Музыкалык мектептердин окуучулары үчүн эстрадалык ыр

— жекече аткаруу

— фонограмма: минус 1, алып жүрүүчү CD, MD дисктер,USB-флеш-топтоочу

— бэк-вокал  киргизилбейт

 

9-13

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

14-17

 

 

Аталган аталмада музыкалык мектептердин элдик жана эстрадалык ыр бөлүмдөрүнүн окуучулары катыша алышат.

Сынак 1 тур менен  жана эки мезгилде өтүлөт.

1. Согуш мезгилдеги ырлдар жана Улуу Ата-Мекендик согуштагы Женишке арналышы ырлар болуусу керек.

2. Мекенди сүйүүгө арналган ырлар болушу керек (туулган жерге, анын жаратылышына, элдерине, ата-энеге, жакындарына болгон сүйүү).

Экинчи ыр калыстардын чечими боюнча аткарылат.

Аткарылуучу ырлар техникалык татаалдыгы жана образдык түзүлүшү боюнча аткаруучунун жаш курагына туура келиши керек. Ырлар түрдүү мүнөздө болушу керек.

Программанын жаңыруусунун жалпы узактыгы  8 мүнөткө чейин.

Сынактын ар бир катышуучусу чыгарманын сөзүнүн  жана музыкасынын авторун билүүсү милдеттүү түрдө.

 

Сынак 1 тур менен  жана эки мезгилде өтүлөт.

1. Согуш мезгилдеги ырлдар жана Улуу Ата-Мекендик согуштагы Женишке арналышы ырлар болуусу керек.

2. Мекенди сүйүүгө арналган ырлар болушу керек (туулган жерге, анын жаратылышына, элдерине, ата-энеге, жакындарына болгон сүйүү).

Экинчи ыр калыстардын чечими боюнча аткарылат.

Аткарылуучу ырлар техникалык татаалдыгы жана образдык түзүлүшү боюнча аткаруучунун жаш курагына туура келиши керек. Ырлар түрдүү мүнөздө болушу керек.

Программанын жаңыруусунун жалпы узактыгы  8 мүнөткө чейин. Сынактын ар бир катышуучусу чыгарманын сөзүнүн  жана музыкасынын авторун билүүсү милдеттүү түрдө.

Чет тилдериндеги ырлар аткарылган учурда калыстар тобуна ырдын текстинин котормосу басма түрүндө берилүүсү талап кылынат.

       Баалоонун  негизи чен өлчөмдөрү: Музыкалуулук, музыкалык чыгарманы көркөм трактовкалоо; Интонациянын тазалыгы жана жаңыруунун сапаты; Тембрдин кооздугу жана үндүн күчү; Сахналык маданият; Репертуардын татаалдыгы; Аткаруучунун аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жана жаш курагына репертуардын туура келиши; Аткаруу чеберчилиги, вокалдык-техникалык көндүмдөрдү билүүсү; Сахналык образ (номердин коюлушунун ырдын мазмунуна туура келиши, өзүн сахнада эркин алып жүрүүсү жана кыймылынын ийкемдүүлүгү, аткаруунун артисттүүлүгү жана  оригиналдуулугу, көркөм табитинин деңгээли, костюму жана ревизиттери), харизм.

Эскертүү: чыгарманын авторун билбеген катышуучулар сынактык программага киргизилбейт.!!!  Гала-концерт үчүн ар бир аткаручунун 1 плюс фонограммасын берүү керек. Уюштуруучулар зарыл болгон учурда пайдаланышат.     

 

Элдик бий

8ден 24кө чейин сандагы жамааттар

— концертмейстерсиз

— фонограмма, минус 1, алып журүүчу CD, MD дисктер,

USB-флеш-топтоочу

9-13

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

14-17

Сынак 1 тур менен эки мезгилде өтүлөт.

1.Элдик кыргыз бийи же өз өлкөсүнүн элдик бийи.

2.Жамааттын тандоосу боюнча бий.

Аткаруунун жалпы узактыгы 10 мүнөткө чейин.

     16 адамга чейинки жамаатта 13-14 жаштагы 1 адамды киргизүүгө болот, 16дан ашык адамдан турган жамаатка 13-14 жаштагы 2 адамды киргизүүгө болот. Шарттарды аткарбаган учурда жамааттар жогорку топко которулат.

Эскертүү: Эки сынактык номерди  бир эле курамдагы  бий тобу аткарууга тийиш.

 

Сынак 1 тур менен эки мезгилде өтүлөт.

1.    Элдик кыргыз бийи же өз өлкөсүнүн элдик бийи.

2.Жамааттын тандоосу боюнча бий.

Аткаруунун жалпы узактыгы 10 мүнөткө чейин.

     16 адамга чейинки жамаатта 13-14 жаштагы 1 адамды киргизүүгө болот, 16дан ашык адамдан турган жамаатка 13-14 жаштагы 2 адамды киргизүүго болот. Шарттарды аткарбаган учурда жамааттар жогорку топко которулат.

Сынак 1 тур менен эки этапта өтүлөт.

1.Элдик кыргыз бийи же өз өлкөсүнүн элдик бийи.

2.Жамааттын тандоосу боюнча бий.

Аткаруунун жалпы узактыгы 10 мүнөткө чейин.

     16 адамга чейинки жамаатта 16-17 жаштагы 1 адамды жана 13 жаштан кичүү 1 адамды киргизүүгө болот, 16дан ашык адамдан турган жамаатка 16-17 жаштагы 2 адамды жана 13 жаштан кичүү 2 адамды киргизүүго болот.

Баалоонун  негизги чен өлчөмдөрү: аткаруу деңгээли, балетмейстердик чечимдердин өзгөчөлүгү, музыкалуулук, аткаруу техникасы, бийдин идеясын ачуу деңгээли.

Эскертүү: Эки сынактык номерди  бир эле курамдагы  бий тобу аткарууга тийиш.

 

Ансамблдер үчүн элдик аспаптар

4төн 20 адамга чейинки жамааттар

— концертмейстерсиз

 

 

 

 

 

Жеке аткаруучулар үчүн элдик аспаптар

жеке аткаруу

— концертмейстерсиз

 

9-13

14-17

 

 

 

 

 

 

 

9-13

14-17

 

 

 

 

 

Сынак 1 тур менен жана эки мезгилде өтүлөт.

1.Мукаш Борбиевдин «Таң булбулу» чыгармасы (милдеттүү түрдөгү программа).

2.Жамааттын тандоосу боюнча чыгарма.

Программаны аткаруунун жалпы узактыгы 6 мүнөткө чейин.

     Баалоонун  негизги чен өлчөмдөрү: аспапта ойноонун аткаруучулук көндүмдөрүн билүү; техникалык көркөмдүктүн каражаттарын билүү; артистизм, техникалык эркиндик.

 

Сынак 1 тур менен жана эки мезгилде өтүлөт.

1.Мукаш Борбиевдин «Таң булбулу» чыгармасы (милдеттүү түрдөгү программа).

2.Катышуучунун тандоосу боюнча чыгарма.

Программаны аткаруунун жалпы узактыгы 6 мүнөткө чейин.

     Баалоонун  негизги чен өлчөмдөрү: аспапта ойноонун аткаруучулук көндүмдөрүн билүү; техникалык көркөмдүктүн каражаттарын билүү; артистизм, техникалык эркиндик.

 

Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына арналган “Ысык-Көл досторун чакырат-2020” балдар чыгармачылыгынын VII эл аралык сынагына катышуга өтүнмө.

 БУЛ ФОРМАНЫ толтуруп, 2020-жылдын 1-АПРЕЛИНЕН кеч эмес жөнөтүңүздөр. 

    Өлкө/странаМекеменин аталышы (толугу менен)/

Название организации (полностью)

   ОбластьТоптун  (жамааттын) аталышы/

Название группы (коллектива)

Шаар/ городКайсы аталмада катышат/ в какой номинации выступают
 

Байланыш телефону / контактный телефон

Бийдин же чыгарманын аталышы / название танца или произведения

 

Чыгарманын автору/ автор произведения Чыгарманын же бийдин узактыгы (мүн)/ длительность произведения  или танца ( мин)
1.
1.        2.

 

Топтун (жамааттын) өкүлдөрүнүн фамилиясы / Фамилия, имя  участников группы  (коллектива)Туулган жылы, айы/

дата рождения

Жаш курагы/ возрастЭрк/мужКыз/жен
1.
2.
3.
4.
5.
6.
7.
Жетекчисинин аты жөнү/ ФИО руководителяКызматы/должностьЖаш курагы/

возраст

Эрк/мужКыз/жен
1.
2.

Бардык кошумча суроолор боюнча уюштуруу тобуна төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Москва көч. 53  (+ 996 ) 312 383260,  (+ 996 ) 312 486475, телефондору боюнча. Факс: (+ 996 ) 312 486319, E-mail: [email protected], www.balajan.kg сайтына

Байланышта Акбаралиева Адиля Ильдаровна, тел.: (+ 996 ) 772662897

 

Бөлүшүү

Комментарийлер