ЫСЫК-КӨЛ: АК-КОЧКОР АЙЫЛЫНДА ЗАМАНБАП МЕКТЕП КОРПУСУ АЧЫЛДЫ
- 16.09.2026
- 0
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Кочкор айылында О. Эсенканов атындагы мектептин 150 орундуу жаңы окуу корпусунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. 
Билим берүү тармагындагы бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышты. Жаңы билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объектинин катарын толуктады.
Долбоор толугу менен мамлекеттик камкордукка алынып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды жана объекттин жалпы наркы 87,9 млн сомду түздү. 
Жаңы окуу корпусу мугалимдер жана окуучулар үчүн эң акыркы заманбап талаптарга ылайык курулган. Имараттын жалпы аянты 1 236 чарчы метрди түзөт жана ал өткөөл галерея аркылуу бириктирилген төрт блоктон турат. Корпуста жарык жана кенен окуу кабинеттеринен тышкары, окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган. 
Белгилей кетсек, курулуш иштери 2024-жылы башталып, кыска мөөнөттүн ичинде сапаттуу аяктады. Курулуштун жүрүшү КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин тыкыр көзөмөлүндө болду. Бул жаңы окуу корпусунун ачылышы – элет жериндеги балдардын сапаттуу билим алуусуна жана мугалимдердин үзүрлүү эмгектенүүсүнө түзүлгөн чоң өбөлгө болуп калмакчы.
А.К., «КБ»