ЫСЫК-КӨЛ: 100 ОРУНДУУ БАЛА БАКЧА АЧЫЛУУ АЛДЫНДА ТУРАТ
- 08.09.2026
- 0
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Бирлик айылында наристелер үчүн 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу толугу менен аяктап, жакынкы күндөрү расмий ачылышы күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги маалымдагандай, бул маанилүү билим берүү объектисинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ага жалпысынан 80,9 миллион сом жумшалган. 
Заманбап талаптарга ылайык курулган эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт. Бакча ичинде балдардын ар тараптуу өнүгүүсү, билим алуусу жана ден соолугу үчүн бардык зарыл шарттар толугу менен каралган. Алсак, наристелердин уктоосуна жана тарбиялык сааттарды өткөрүүсүнө ылайыкташкан жарык бөлмөлөр, кенен ашкана, дарыгердин бөлмөсү жана кабылдама жабдылган. 
Курулуш иштеринин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаментинин тыкыр көзөмөлүндө жүргүзүлүп, имараттын сапаты тиешелүү мамлекеттик текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өткөрүлдү.
Бул жаңы бала бакча аймактагы мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана балдарды тарбиялоого кошулган чоң салым болуп калмакчы.
А.К., «КБ»




