ЫСЫК-АТАДА 100 ОРУНДУК МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

  • 11.09.2020
  • 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Тогуз-Булак айылында академик Арстанбек Мурзалиев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду.

ЫСЫК-АТАДА 100 ОРУНДУК МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиевдин айтымында, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн бул мектептин курулушуна 7 млн сом жумшалган.

— Мектептин эски имараты типтүү эмес эле.1980-жылы пайдаланууга берилген, жыгач конструкциядан курулган мектеп авариялык абалга кептелгендиктен, 2018-жылы демөөрчүлөр тарабынан курулуп башталган. Эми минтип имараты бардык талаптарга шайкеш, заманбап курулган бул 100 орундуу мектепте бардык жагынан ыңгайлуулук түзүлдү десек болот. Көмүр отуну, электр тогу менен жылытылат. Мектепте беш сыналгы, бир музыкалык борбор, 10 компьютер бар,  — деди Б.Иманалиев.

ЫСЫК-АТАДА 100 ОРУНДУК МЕКТЕП АЧЫЛДЫ

2020-2021-окуу жылынын башында окуучулардын саны 217 болсо, 1-класска 14 окуучу кабыл алынды. Мектепте жалпы 23 мугалим эмгектенет.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер