ЫСЫК-АТА: ДЕПУТАТ ЭРКЕАЙЫМ СЕЙТКАЗИЕВА МУГАЛИМДЕРДИН МАЙРАМЫНА КАТЫШТЫ

  • 07.10.2026

Ысык-Ата районунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият сарайында уюштурулган майрамдык жыйынга Жогорку Кеңештин депутаты Эркеайым Сейтказиева, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Алмазбек Рахманкулов, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, шаардык кеңештин төрагасы Мыктыбек Бейшебаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Акматов, кесиптик бирликтин төрайымы Динара Камбарова жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. ЫСЫК-АТА: ДЕПУТАТ ЭРКЕАЙЫМ СЕЙТКАЗИЕВА МУГАЛИМДЕРДИН МАЙРАМЫНА КАТЫШТЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлү Эркеайым Сейтказиева агартуучулардын келечек муунду тарбиялоодогу ролу өтө жогору экенин баса белгилеп, жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Салтанаттын алкагында билим берүү тармагында өзгөчөлөнгөн алдыңкы кызматкерлерге Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык каттары жана сыйлыктар тапшырылды. ЫСЫК-АТА: ДЕПУТАТ ЭРКЕАЙЫМ СЕЙТКАЗИЕВА МУГАЛИМДЕРДИН МАЙРАМЫНА КАТЫШТЫ

Ошондой эле тармактын мыктыларына Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кант шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери ыйгарылып, алдыңкы билим берүү мекемелери сыйланды.

Майрамдык салтанат маданият кызматкерлери тартуулаган чакан концерттик программа менен коштолду.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү