МУГАЛИМДЕР КҮНҮ: ЧОҢ САЛТАНАТ “ЫРЫС-ОРДОДО”
- 05.10.2026
- 0
Бүгүн «Ырыс Ордо» конгресс-борборунда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара башталууда.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда.
Майрамдык иш-чарага билим берүү системасынын бардык баскычтарынан — бала бакчалардан тартып жогорку окуу жайларында эмгектенген миңден ашуун билим берүү кызматкери чакырылган.
Аземдин жүрүшүндө «Жылдын мыкты мугалими — 2026» республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат.