«Ырыс-Ордодо» мугалимдер күнүнө арналган чоң салтанат
- 05.10.2026
- 0
Бишкектеги «Ырыс-Ордодо» конгресс-холдо улуу кесип ээлери- мугалимдин күнүнө арналган салтанат болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мугалимдик кесиптин коомдогу өзгөчө орду белгиленип, педагогдордун эмгеги өлкөнүн келечегин аныктоодо маанилүү экени айтылды.
«Мугалим кесиби – мамлекеттин, коомдун жана келечек муундардын алдындагы эң жооптуу кесиптердин бири. Мугалимге болгон урмат-сыйды биз өлкөбүздүн келечегине болгон урмат катары кабыл алышыбыз керек», – деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган реформаларга, анын ичинде 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул багытта билим берүүнүн мазмунун, окуу программаларын, мамлекеттик стандарттарды, окуу китептерин жана окутуу ыкмаларын жаңылоо иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Мындан тышкары, мектептерде STEM багыттарын, санариптик технологияларды жана заманбап окутуу ыкмаларын өнүктүрүү боюнча иштер күчөтүлүүдө. Жаңы окуу жылында 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, 53 мектепте IT-Кванториумдарды ачуу пландалууда. Ошондой эле 220 мектеп STEM-лабораториялар менен жабдыла баштайт.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө 2026-жылы өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык конкурстарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи да өттү. Конкурстар мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарындагы кесипкөй, чыгармачыл жана демилгелүү педагогдорду аныктоого багытталып, 22 номинация боюнча өткөрүлгөн.

Жыйынтыгында 19 жеңүүчү аныкталды. «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун баш байгеси Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылынын жалпы билим берүү мектебинин диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Меруэт Бакировага ыйгарылды. Ага Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батирдин сертификаты тапшырылды.

Ал эми конкурстун калган 18 жеңүүчүсүнүн ар бирине 500 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

Иш-чарада билим берүү кызматкерлеринин көп жылдык тажрыйбасы, кесипкөйлүгү жана жаш муунду тарбиялоодогу орду жогору бааланып, агартуучуларга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана кесиптик өсүш каалоолору айтылды.
А.К., «КБ»