ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК

  • 02.03.2022
  • 0

Жакында Аксы районундагы Темиркул Үмөталиев атындагы орто мектебинде «Мугалим менен окуучунун жеңиши — мектептеги ынтымактын жемиши» аттуу сынак болуп өттү.

ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК

Бул сынакка мугалим жана окуучудан турган алты топ катышты. Эжелер окуучу жигиттер менен, ал эми агайлар окуучу кыздар менен бир жуп болушуп, сынакта өз күчтөрүн сынашып, өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чаранын негизги максаты мугалимдер менен окуучулардын арасындагы байланышты чыңдоо, таланттууларды эл алдына алып чыгуу экенин белгилей кетсек.

ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК

Иш-чара Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын, 8-Март — Аялдардын эл аралык майрамын, Ак калпак жана Кыргыз Республикасынын Туусунун 30 жылдыгын белгилөөгө арналды.

Сынакта калыстар тобу тарабынан күтүүсүз берилген тапшырмалар, катышуучулар аткарган ыр-бийлер, сахналаштыруу жана ар бир топ тарабынан буклет түрүндө жасалган план-сценарийлер көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, калыстар тобунун жогорку баасына арзыды.

ЫРЫС АЛДЫ - ЫНТЫМАК

Конкурстун жыйынтыгында жеңишке жетишкен топ жана ар бир катышуучу мектептин, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Уюштуруучулар ушундай эле биргелешкен сынакты ата-энелер жана мугалимдер арасында өткөрүүнү пландаштырууда.

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер