“ЫРДАГЫ ӨМҮР” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНДЕ МАРКУМ АКЫНДАР ЭСКЕРИЛДИ

  • 01.06.2024
  • 0

“ЫРДАГЫ ӨМҮР” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНДЕ МАРКУМ АКЫНДАР ЭСКЕРИЛДИ31-майда А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын мрамор залында  көзү өтүп кеткен акындарды эскерүү максатында уюштурулган “Ырдагы өмүр” поэзия кечеси болуп өттү. Аталган иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзу тарабынан ишке ашырылды.

“ЫРДАГЫ ӨМҮР” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНДЕ МАРКУМ АКЫНДАР ЭСКЕРИЛДИМаркум акындар Вячеслав Шаповалов, Манап Алиев, Турсунаалы Бостонкулов, Алик Акималиев, Гүлжамила Шакирова, Айгүл Узакова, Барчынбек Бугубаевдердин ырларын жаш акындар Чолпон Орозалиева, Эсенгул кызы Асел, Руслан Байдылдаев, Атай Айбеков, Кубаныч Жамадилов, Кудайберди кызы Айзат  көркөм окуп беришти.

“ЫРДАГЫ ӨМҮР” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНДЕ МАРКУМ АКЫНДАР ЭСКЕРИЛДИ“ЫРДАГЫ ӨМҮР” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНДЕ МАРКУМ АКЫНДАР ЭСКЕРИЛДИМаркум акындарды окумуштуу- адабиятчылар,  филология илимдеринин докторлору Осмонакун Ибраимов менен Лайли Үкүбаева, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер Тилектеш Ишемкулов менен Атантай Акбаров,  философия илимдеринин доктору  Калбүбү Сариева, Кыргыз эл акыны Жедигер Саалаев жана көзү өткөн акындардын бир туугандары, жакындары эскеришти.

“ЫРДАГЫ ӨМҮР” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНДЕ МАРКУМ АКЫНДАР ЭСКЕРИЛДИЭлибиздин сүймөнчүк ырчысы, Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова, ырчы Нуржан Түмөнбаева жана башка маданият ишмерлери маркум акындардын сөзүнө жазылган ырларды аткарышты.

“ЫРДАГЫ ӨМҮР” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНДЕ МАРКУМ АКЫНДАР ЭСКЕРИЛДИКечени А. Осмонов атындагы сыйлыктын лауреты, акын Алтынбек Исмаилов жана акын Ырысгүл Изатова алып барышты.

“ЫРДАГЫ ӨМҮР” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНДЕ МАРКУМ АКЫНДАР ЭСКЕРИЛДИБул демилгени өлкөнүн Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев демилгелеп, аны ишке ашырууга “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Улуттук жазуучулар союзу көмөкчү болду.

“ЫРДАГЫ ӨМҮР” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИНДЕ МАРКУМ АКЫНДАР ЭСКЕРИЛДИКабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер