ЫР СЫНАГЫ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ БИРИКТИРДИ

  • 04.03.2022
  • 0

2022-жылдын 3-мартында Аксы районундагы Малабек Токтоболотов атындагы балдарга кошумча билим берүү борборунда «Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук» жылына карата «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аттуу ыр, бий сынагы өткөрүлдү.

Сынак Аксы райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлүп, ага 34 мектептен таланттуу окуучулар катышты. Аталган борбор тарабынан жасалгаланган сахна катышуучулардын жана күйөрмандардын маанайын көтөрүү менен майрамдык маанай тартуулады. Окуучулар үн кубултуп ырдоо менен бирге ар улуттун бийлерин чимирилте бийлеп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

ЫР СЫНАГЫ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ БИРИКТИРДИ

Жыйынтыгында ыр аткаруу боюнча баш байгени Т.Сатылганов атындагы орто мектептин окуучусу Урматалиева Бурулай, 1-орунду А.Молдокеев атындагы орто мектебинин окуучусу Дайырбек уулу Илимбек, 2-орунду К.Чекиров атындагы орто мектептин окуучусу Токтогазиев Сапарбек, У.Турдубаев атындагы орто мектептин окуучусу Курбанбаев Рыскелди, 3-орунду Т. Үмөталиев атындагы орто мектептин окуучусу Надырбекова Нурайым, З.Кутманова атындагы орто мектептин окуучусу Бакытбек уулу Эрлан, Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектептин окуучусу Сайфуллаев Элбек, С.Качыкеев атындагы орто мектептин окуучусу Толкунбеков Жанузак ээледи.

ЫР СЫНАГЫ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ БИРИКТИРДИ

Ал эми бий боюнча 1-орунду Ж.Мавлянов атындагы Кербен инновациялык жатак лицей мектебинин окуучусу Асылбекова Аяна, 2-орунду М.Барпиев атындагы орто мектептин окуучусу Муратбекова Сезим, 3-орунду У.Турдубаев атындагы орто мектептин окуучусу Жеңишбекова Элина камсыз кылды.

ЫР СЫНАГЫ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ БИРИКТИРДИ

Топтук бий боюнча 1-орунга А.Эрматов атындагы орто мектептинм «Миң булак» бийчилер тобу, 2-орунга «Даткайым» бийчилер тобу, 3 -орунга Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин «Даткайым» бийчилер тобу жетишти Мындан сырткары, таланттуу окуучулардын өзгөчө өнөрлөрү да белгиленди. Соңунда жеңүүчү болгон окуучуларга Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер