ЫР САПТАРЫНДАГЫ АЙТМАТОВДУН  ОБРАЗЫ  

  • 27.08.2019
  • 0

Түрк дүйнөсүнө белгилүү адабиятчы Абдылдажан Акматалиевдин Элазык шаарындагы “Манас” басмасынан “Аалам кезип Айтматовдон салам айт…” деген ырлар жыйнагы Калмамат Куламшаевдин котормосунда жарык көрдү.

Китептеги ыр саптарынын бардыгы (150 бет) улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган. А.Акматалиевдин ырларында жазуучунун адамгерчилик, кеңпейилдик, айкөлдүк, боорукерлик, даанышмандык ж.б. касиеттерин камтыган жаркын  образы камтылган. Жазуучу менен бирге автор бир нече жолу Түркияда ар кандай адабий-илимий жолугуушуларда болгон.

Академик А.Акматалиевдин “Айтматов дүйнөсү”, “Кыргыз фольклору жана тарыхый инсандар” жана “Чагылган үндүү манасчы Айтматов” деген монографиялары жана ондогон макалалары түрк тилинде “Билге”, “Кардаш калемгер” жана “Билим”, “Түрк тили жана адабияты” ж.б.  журналдарда басылган. Ошондой эле Түркиядагы  бир топ журналдардын редколлегия мүчөсү. “Манас” эпосу, Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча   Анкарада, Элазыкта, Стамбулда, Измирде ж.б. түрк окумуштуулары менен бирдикте эл аралык конференцияларды уюштурган.

Бөлүшүү

Комментарийлер