Youth CUP Green: Кыргызстан жаштарынын инновациялык жашыл идеялары

  • 01.08.2024
  • 0
Бүгүн Accelerate Prosperity  уюштурган Youth CUP Green инкубация программасынын финалдык иш чарасы болду.
Бул долбоорго республиканын дээрлик бардык аймактарынан инновациялык “жашыл” идеялары бар, насаатчылык колдоого жана 10 миң доллардан инвестицияга муктаж демилгелүү жаштар тартылды.
Тандалып алынган 32 компаниянын ичинен финалга 14 «жашыл» стартап жетти. Youth CUP инкубациясына 40 саат онлайн жана оффлайн сабактары, эки айдын ичинде бизнес-трекерлер менен 150 саат иштөө жана Ысык-Көлгө үч бизнес-тур кирди.
Ал эми тренингдин жүрүшүндө 6 компания 20 жаңы жумуш орундарын түзүүгө жетишти, 7 компания кирешесин 32%га көбөйттү, 13 долбоор 192 жаңы кардарды тартып, 27 жаңы продуктыларды жана кызматтарды түздү. Алты стартап инкубацияда окуп жүрүп уруксат алышкан.
«Сегиз жумалык тренингдин ичинде стартаптар укмуштуудай өсүштү көрсөтүштү. “Жашыл” көйгөйлөрдү чечүүдө бизнести колдоо анын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Баарына ийгилик каалайбыз жана алардын жаралышына өчпөс ишеним каалайбыз!”, – деп белгиледи Жылдыз Исабекова, Accelerate Prosperity өлкөлүк директору.
“Youth CUP Green” инкубациялык программасы жаштардын стартаптарын колдоо зарылдыгын жана көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн актуалдуулугун, ошондой эле Кыргызстанда жашыл технологияларды өнүктүрүү үчүн инвестициялык колдоонун маанисин дагы бир жолу тастыктады.
Youth CUP Green: Кыргызстан жаштарынын инновациялык жашыл идеялары
Тренингдин жүрүшүндөгү прогресстин көрсөткүчтөрүнүн негизинде көз карандысыз инвестициялык комитет өз баасын берди жана талкуунун жыйынтыгында төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:
«Клубника фермасы» (европалык технология менен өстүрүү), Алжанбаев Азис (гидропоника), GreenfreezeAgro (тоңдурулган жашылчалар), Revenu (Кыргызстандын өсүмдүктөрүнөн косметика өндүрүү) жана «Арча Бар» (ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү).
Комплекстүү аудит ийгиликтүү аяктагандан кийин алар долбоорду өнүктүрүү үчүн инвестиция алышат.
Accelerate Prosperity Ага Хан өнүктүрүү уюмунун (AKDN) демилгеси болуп саналат жана «Жергиликтүү өнүгүү» долбоорунун алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Ага Хан фонду тарабынан каржыланат.
Бөлүшүү

Комментарийлер