ЫНТЫМАКТЫ ЧЫҢДАГАН ВЕЛОЖҮРҮШ
- 24.09.2021
- 0
Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагында «Өнүгүүнү өзүңдөн башта!» аттуу веложүрүш уюштурулду.
Бул спорттук иш-чара 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналды.
— Айыл аймагындагы элибиздин ынтымагын бекемдөөнү көздөгөн бул майрамдык иш-чарага айыл жаштары активдүү катышты, — дейт Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Кудайбергенов.
Веложүрүштүн соңунда бир катар демилгелүү жаштарга Айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каттары берилди.
Кенжегүл Бектемирова, Нарын району
Бөлүшүү
Комментарийлер