«ЫНТЫМАК» ТОБУ ЖЕҢДИ

  • 02.11.2022
  • 0

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Паризат Акулованын демилгеси менен «Талант тамыры — мугалимдерде» аттуу конкурс уюштурулду.

"ЫНТЫМАК" ТОБУ ЖЕҢДИ

«Айгүл гүлү» жана «Ынтымак» топторунун мүчөлөрү саламдашуу адеби, ыр-бийлерди аткаруу, макал-лакап айтуу, логикалык суроолорго жооп табуу, сахналык көрүнүштөрдү даярдоо шарттары боюнча күчтөрүн сынап көрүштү. Башталгыч класстардын мугалимдеринин жарышында Саида Маматкулова жетектеген «Ынтымак» тобу жеңишке ээ болду.

"ЫНТЫМАК" ТОБУ ЖЕҢДИ

Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер