ЫМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

  • 16.11.2022
  • 0

ЫМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

Студенттер жана жаштар арасындагы «Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил» аттуу сынагында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун физика-математикалык жана  табийгый-техникалык факультетинин студенттеринин эки долбоору байгелүү орунга ээ болду.

ЫМУНУН СТУДЕНТТЕРИ АЛДЫДА

Сынак КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Билим берүү жана илим министрлиги, Эл аралык инновациялык технологиялар университети, «Улут Софт» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан республикалык деңгээлде уюштурулган. Жыйынтыгы 15-ноябрда чыгарылып, Б.Байболотовдун жетекчилигиндеги «Устукан-мобилдик тиркеме» долбоору байгелүү 3-орунду ээледи. Бул долбоорду ЫМУнун магистранты Исабеков Темирлан жана ПО-31 тайпасынын студенти Сабыров Ырыскелди коргогон.

Ал эми ага окутуучу М.Эркинбаевдин жетекчилигиндеги «Бабалар сөздөрү» долбоору (аткаргандар — Баженов Максим, Муратбеков Сыймык) кызыктыруучу сыйлыкка татып, сертификатка ээ болду.

Сынакка республика боюнча 14 ЖОЖдон 25 долбоор катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер