ЫМУНУН ОКУТУУЧУСУ ВЕНАДАН ИЛИМИЙ ИШ ЖАЗЫП КЕЛДИ

  • 20.06.2022
  • 0

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун англис тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент А.Ийсаева үч ай Австриянын Вена университетинде илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, тажрыйба топтоп келди. Ал Венага үстүбүздөгү жылдын март айында кеткен. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

ЫМУНУН ОКУТУУЧУСУ ВЕНАДАН ИЛИМИЙ ИШ ЖАЗЫП КЕЛДИА.Ийсаевага бул мүмкүнчүлүк Ernst Mach — Nachbetreuungsstipendium (EZA) программасынын алкагында түзүлгөн. ЫМУ менен Вена университетинин ортосундагы кызматташуу келишиминин алкагында ЫМУнун окутуучулары конкурска катышуу менен бул программанын жеӊүүчүсү боло алат. Анархан Жумакадыровна программанын суроо-талаптарына жооп берүүчү иштерди жайкы эс алуу учурунда аткарып жөнөткөн жана октябрь айында жеӊүүчү катары куттуктоо кат алган. Бул программа илимий изилдөө ишти жүргүзүү үчүн жакшы мүкүнчүлүктөрдү түзүп берүү менен бирге бардык сарпталуучу каражатты өз моюнуна алат. Илимий изилдөө ишинен сырткары Анархан Жумакадыровна Вена универститетинин лингвистика факультетинин окутуучулары менен тыгыз иштеп, тажрыйба алмаша алды. Ал курстарга катышуу менен бирге университетте өткөрүлүп турган ар кандай иш-чараларга катышып, ар улуттун маданияты, баалуулуктары менен тааныша алды.

— Жогорку маданияттын, тарыхый курулуштардын, искусствонун жана классикалык музыканын атасы деп эсептелинген Вена шаарында өткөрүлгөн менин үч айлык убактым мага илимий өсүшүмө гана мүмкүнчүлүк түзбөстөн, жан дүйнөмдү руханий жактан азыктандырууга  да шарт түздү, —  дейт А.Ийсаева.

Бөлүшүү

Комментарийлер