ЫМУДА СТУДЕНТТИК АКТИВ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ БОЛДУ

  • 19.01.2021
  • 0

18-январда К.Тыныстанов атындагы ЫМУда студенттик актив менен жолугушуу болуп, университеттин бюджети, студенттердин окуу төлөмү талкууланды.

Алгач ректор Аскар Иманбаев студенттерге окуу жайдын бюджети тууралуу маалымат берсе, башкы эсепчи М. Токтогулов жана башкы экономист Н.Сманова окуу жайдын 2020-жылдагы контракттык жана бюджеттик негизде түшкөн каражатынын бөлүнүшү жана чыгашалар тууралуу кенен маалымат беришти. Студенттерге окутуучулардын жана кызматкерлердин эмгек акысынын көлөмү жана социалдык фондго, салык кызматына кеткен чегерүүлөр; коммуналдык чыгашалардын көлөмү, билим берүү процессине кеткен жана башка чыгашалардын көлөмү тууралуу маалымат берилди.

Университеттин профсоюз комитетинин төрагасы К.Алымбаев жыл сайын студенттерге берилген социалдык жеңилдиктер тууралуу айтып берди. Окуу жайда билим алган жетим балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге, Афган согушуна, баткендик окуяларга катышкан ата-энелердин балдарына жана ошондой эле спортто ийгиликтерди жараткан студенттерге 100%, 50% жана 25% жеңилдетүүлөр каралган. 2020-2021-окуу жылында 24 студентке контракт төлөмүнөн жеңилдиктер берилген.

Аскар Асангазиевич муктажы бар үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында факультеттердин декандары тарабынан контракт акыны төлөөдө убактысын индивидуалдуу түрдө карап жана жылдыруу мүмкүнчүлүктөрү берилип жаткандыгын айтты.

Жолугушуунун соңунда студенттер өзүлөрүнүн сунуштарын киргизип, окуу жайдын администрациясы менен талкуу кылып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер