ЫМУДА ПРАКТИКАГА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ
- 28.02.2023
- 0
25-февралда Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигинин студенттери кесиптик-базалык практикасынын жыйынтык конференциясын өткөрдү.
Иш-чарада студенттердин практика убагында колдонгон метод-ыкмалар, стратегиялар жана жаңы технологиялар менен кыргыз тили, кыргыз адабияты сабактарынын фрагменттерин көрсөтүп беришти. Ошондой эле практика учурундагы ийгилик-жетишкендиктери, кызыктуу учурларын орто салып, теориялык мыкты билимге ээ болуу, методист окутуучулардын жардамы практикадагы ийгиликтерге жетишүүлөрүн жана кыйынчылыктарды жеңе билүүлөрүн камсыз кылгандыгын бир ооздон белгилеп өтүштү. Практиканын методисттери 4-курстун студенттери мектеп администрациясынын да жакшы пикирлерине арзып, алкоого татыктуу иш алып барышкандыгын айтышты.
Андан соң практиканын жүрүшү, анда учурачу ар түрдүү кырдаалдар тууралуу 1-3-курстун студенттери суроолорду берип, пайдалуу жоопторду алышты. Алар конференциянын аягында 4-курстун студенттерине каалоо-тилек арноо менен конференцияда өздөрүнө өрнөк болчу көп нерселерди алганын, шыгына шык кошконун билдиришти.
Комментарийлер