ЫМУда КОНОК ЛЕКЦИЯ

  • 03.11.2022
  • 0

ЫМУда КОНОК ЛЕКЦИЯ

Калмык мамлекеттик университетинин герман филологиясы кафедрасынын окумуштуулары Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окушту.

Биринчи лекцияны «Этнический аспект в обучении иностранным языкам» деген темада герман филологиясы кафедрасынын доценти, ф.и.к. Дальдинова Эльза Очир-Горяевна окуп, чет тилин окутуунун методикасындагы этникалык көрүнүштөр тууралуу айтып, калмык элине тиешелүү кызыктуу маалыматтар чагылдырылды. Экинчи лекция «Functional Styles of the English Language» деген темада болуп, ф.и.к., доцент Кекеева Татьяна окуду. Лекциялар студенттер жана магистранттар менен катар окутуучулардын да кызыгуусун арттырып, көптөгөн суроо жооптор менен коштолду.

Бөлүшүү

Комментарийлер