ЫМУДА КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ
- 22.02.2023
- 0
К.Тыныстанов атындагы ЫМУда тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын уюштуруусу менен «Кыргызстандагы петроглифтер» боюнча Айгине коомдук фонду тарабынан конок — лекция өткөрүлдү.
Конок-лекцияга тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасынын окутуучулары, тарых жана туризм адистигинин студенттери катышты. Жумагазы Садыр уулу, Чынара Сейдахматова, Айза Абдрахманова, Чолпонай У-Г Кыргызстандагы чийим таштардагы белгилер боюнча кызыктуу маалыматтарды айтып өттү. Мында өзгөчө 2022-жылы Ак Булуң айылында изилденген петроглифтер боюнча кенен презентация болду.
Дүйнө таанымдын сырларын ата — бабаларыбыз чийим таштарга калтыргандыгы тууралуу маалыматтар берилди. Конок-лекциянын алкагында суроо-жооптор болуп, мыкты суроолорго жана кызыктуу пикирлерге белектер ыйгарылды.
Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ»
Комментарийлер