ЫМУДА КАЗАНЬ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛАТ

  • 02.09.2021
  • 0

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев Каракол шаарына Казань федералдык университетинин филиалы ачыла турганын Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Татарстанга болгон иш сапарда эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Ага ылайык, Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Казань федералдык жогорку окуу жайынын филиалын ачуу макулдашылды. Алгач төрт факультетти ишке киргизүүнү пландалууда.

«Эл аралык деңгээлдеги беделдүү жогорку окуу жайлардын бири Казань федералдык университетинин филиалы бизде ачылып жатканына кубанып турабыз. Бул жерде В.И. Ленин, Л.Н. Толстой жана башка бир топ тарыхый инсандар билим алган экен. Учурда 60 миңден ашуун студент окуп, 700дөн ашык билим корпусу бар. Материалдык-техникалык базасы да мыкты. Аталган окуу жай менен 2/2 форматында окутууга макулдаштык. Бул биздин студенттер алгач эки жыл Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуп, кийинки эки жылын Казань федералдык окуу жайында улантат дегенди түшүндүрөт. Азырынча төрт багытта билим берүүгө жетишилди. Атап айтсак, фармакология, теология, IT жана тоо-кен тармагы боюнча студенттер кабыл алынат. Бүтүрүүчүлөр эки мамлекеттин дипломуна ээ болот», — деди Кожоев.

Ал учурда Россия тараптын документтик иштери жыйынтыкталып, Кыргызстанда юридикалык маселелери чечилип жатканын кошумчалады.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер