ЫМУДА ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 22.02.2023
  • 0

ЫМУДА ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата бир айлыкты жыйынтыктоочу иш-чара К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун студенттери жана КР  Президентине караштуу Кыргызстан элдеринин ассамблеясындагы ар улуттун өкүлдөрүнөн турган этностор тобу менен бирдикте өткөрүлдү.

Көл өрөөнүндө 40тан ашуун ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап келет. Иш-чарада эне тилдин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу баяндама жасап, ар улуттун өкүлдөрү өз эне тилиндеги тил жөнүндөгү ырларды көркөм окуп, обондуу ырларды аткарышты.

Ошондой эле ЫМУда бул күнгө бир катар иш-чаралар уюштурулду. Филология факультетинин КР-11, КФ-21 тайпаларынын студенттери менен куратору С.Оторбаева «Эне тилдин ээси — эл» аттуу иш-чара өттү. Анда ар улуттун тилинин тарыхы тууралуу маалымат берилип, ар улуттун тилинде ырлар айтылды. Кыргыз тили жөнүндө кызыктуу маалыматтар камтылган баяндама жасалды, эне тил тууралуу автордук жана көркөм ырлар окулду. Бардык тилге сый-урмат менен мамиле кылып, ошону менен катар өз эне тилибизди өзгөчө сүйүп, даңазалоо — ар бир жарандын милдети экенин эсибизден чыгарбоо керектиги баса белгиленди.

Ошону менен катар филология факультетинин деканы Үпөл Кадыркулова жана кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти Кыял Асаналиева баштаган студенттер Ысык-Көл областтык Ички иштер башкармалыгынын жамаатына тилдин мааниси, ролу жөнүндө иш-чара өтүштү. Ар улуттагы студенттер өз эне тилинде ыр айтып, доклад жасашты. Дунган жигит «Манас» эпосунан үзүндү да айтып берди. Студенттер ИИБ жамаатынын купулуна толуп, жакшы баалоого арзып кайтышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер