ЫМУДА БАЛЫК ЧАРБАСЫ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 24.02.2023
  • 0

ЫМУДА БАЛЫК ЧАРБАСЫ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

22-февралда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Инновациялык агро борборунда «Жаш Табышкер» долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун агроишкерлери үчүн балык чарбасы боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинарда ихтиолог консультант Аламанов Эсен жана Балык чарба департаментинин жетектөөчү адиси Иманбеков Адилет балык өстүрүү жана аларды көбөйтүү, балык тоюттандыруу, тукумун жакшыртуу иштерин жүргүзүү жөнүндө тажрыйбалары менен бөлүштү.

“Жаш табышкер” долбоору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмеси тарабынан Европа Биримдигинин демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер