ЫМУ ҮСӨНБЕК АСАНАЛИЕВДИ ЭСКЕРДИ

  • 30.05.2023
  • 0

Филология илимдеринин доктору, профессор, акын, комузчу Υсөнбек Асаналиевдин өмүрү, илимий-чыгармачылык ишмердүүлүгүнө арналган эскерүү адабий кечеси болуп өттү.

ЫМУ ҮСӨНБЕК АСАНАЛИЕВДИ ЭСКЕРДИ

 

Кечеде университеттин ректору А.А.Иманбаев Υсөнбек Асаналиевдин эн мыкты адамдык сапаттарына токтолсо, кесиптештери: КУУнун профессору, ф.и.к. И.С.Султаналиев, К.Карасаев атындагы БМУнун үзгүлтүксүз жана аралыктан билим берүү институтунун директорунун орун басары, доцент З.А.Асаналиев, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к. А.К.Койлубаевалар агайдын эмгек жолу менен бирге иштешкен күндөрүн эскерди.

Иш-чарада студенттер тарабынан акындын калемине таандык ырлар көркөм окулуп, накыл сөздөр айтылып, Υ.Асаналиев менен С.Бегалиевдин баарлашуусунан үзүндү чагылдырылды.

Эскерүү кечеге Υсөнбек Асаналиевдин уул-кыздары да катышып,  окуу жайга, студенттерге  ыраазычылыгын  билдиришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер