ЫМУ  КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ 

  • 03.05.2021
  • 0

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети беш жылдык мөөнөткө институционалдык жана программалык көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өттү. 

2021-жылдын 8-9-апрелинде Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгынын негизинде бакалавриат боюнча 22, магистратура боюнча бир жана орто кесиптик билим берүү боюнча бир билим берүү программасы аккредитациядан өттү.

Көз карандысыз аккредитациядан өтүү Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жогорку кесиптик жана орто кесиптик билим берүү сапатынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп берерин, ошондой эле институционалдык аккредитациянын талаптарын канаатандырарын билдирет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер