ЫМУ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

  • 29.03.2024
  • 0

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агентигинин эксперттери көз карандысыз аккредитациядан өткөрүштү.

ЫМУ АККРЕДИТАЦИЯДАН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Эксперттер ЫМУдагы көптөгөн жетишкендиктерди, материалдык-техникалык базанын замандын талабына шайкеш жаңыланып, өнүгүп жаткандыгын, студенттердин билимге болгон умтулуусун жана бардык багытта иш алгылыктуу жүрүп жаткандыгын баса белгилешти.

Эсперттердин алдын ала жыйынтыгы боюнча жогорку кесиптик билим берүү программалары: “Мамлекеттик жана муниципалдык бакшаруу”, “Жаратылышты колдонуу жана экология” жана ЫМУнун колледжинин “Бухгалтердик эсеп жана экономика”, “Каржы”, “Автомобиль транспортторун техникалык тейлөө жана транспорт”, “Электр менен камсыздоо” адистиктери беш жылга аккредитациядан өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер