ЫДЫК КӨРСӨТҮҮНҮН АЛДЫН АЛУУ: АК-СУУДА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛДҮ

  • 26.10.2026

Ак-Суу районуна караштуу Токтогул айылынын Арып Сыдыкбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу, жыныстык кол тийбестигин сактоо, ар кандай ыдык көрсөтүүлөрдүн жана зомбулуктун алдын алуу максатында максаттуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, класстарда тарбиялык сааттар өткөрүлдү. ЫДЫК КӨРСӨТҮҮНҮН АЛДЫН АЛУУ: АК-СУУДА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛДҮ

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга жеке чек араны сактоо, өз денесинин кол тийбестиги, өзүнө карата туура эмес мамилелерди таануу жана мындай жагдайларда кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу кеңири маалыматтар берилди. ЫДЫК КӨРСӨТҮҮНҮН АЛДЫН АЛУУ: АК-СУУДА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛДҮ

Ошондой эле эч кимдин окуучуну өзүнө ыңгайсыз болгон аракеттерге мажбурлоого укугу жок экендиги катуу түшүндүрүлдү. Окуучулар бейтааныш адамдар менен мамиле түзүүдө сак болууга, шектүү жагдайлардан алыс болууга, өздөрүн коопсуз алып жүрүүгө жана кандайдыр бир ыдык көрсөтүү же зомбулукка туш болгон учурда ишенимдүү чоңдорго, ата-энелерине, класс жетекчисине же мектеп администрациясына дароо билдирүү зарылдыгы боюнча маалымат алышты. ЫДЫК КӨРСӨТҮҮНҮН АЛДЫН АЛУУ: АК-СУУДА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛДҮ

Мындан тышкары, окуучулар арасында бири-бирин урматтоо, адептүү мамиле кылуу, жеке чек араларды сыйлоо, купуялуулукту сактоо жана укук бузууларга кайдыгер карабоо багытында тарбиялык баарлашуулар уюштурулду. ЫДЫК КӨРСӨТҮҮНҮН АЛДЫН АЛУУ: АК-СУУДА ТАРБИЯЛЫК СААТТАР ӨТҮЛДҮ

Өткөрүлгөн тарбиялык сааттардын негизги максаты — окуучулардын укуктук жана коопсуздук боюнча түшүнүктөрүн калыптандыруу, өзүн коргой билүү жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана мектепте коопсуз, сый-урматка негизделген чөйрөнү түзүү болуп саналат. Алдыда мектепте бул багыттагы иштерди үзгүлтүксүз улантуу жана ата-энелер менен тыгыз байланышта биргеликте балдардын коопсуздугун камсыз кылуу негизги милдеттердин бири экендиги белгиленди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү