ЯПОНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ  ЭЛЧИСИ ОШМУДА

  • 13.02.2020
  • 0

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда менен жолукту.

ЯПОНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ  ЭЛЧИСИ ОШМУДА

Жолугушууда Япониядагы жогорку окуу жайлар менен кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча сөз болду.

Элчи Сигэки Маэда жогорку окуу жайлары менен кызматташуу багытында мамилелерди чыңдоого жана кызматтыктын жаңы багыттарын өнүктүрүү үчүн бардык күчүн жумшарын айтты. Жолугушуудан сон Сигэки Маэда ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин башчысы Абдыганы Абдувалиевдин коштоосунда Эл аралык мамилелер факультетинин аймак таануу адистигинин студенттери менен баарлашты.

Кошумчалай кетсек, ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетиндеги аймак таануу адистигинде студенттер япон тилинде кошумча билим алышат. Ошондой эле аталган факультетте “Япон борбору” ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аталган факультеттин студенттери жыл сайын Япониянын тил үйрөтүү институттарында билимин тереңдетип келишет.

Бөлүшүү

Комментарийлер