“ЯПОНИЯГА ЖУМУШКА ОРНОШТУРУУ” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 26.09.2018
  • 0

25-сентябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдында студенттер үчүн  “Японияга жумушка орноштуруу” борбору ачылды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы билдирди.

“ЯПОНИЯГА ЖУМУШКА ОРНОШТУРУУ” БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Ачылыш салтанатка борбордун Япониядагы өкүлү Ецухашей Мичинори,  И.Арабаев атындагы КМУнун “Япон тилин окутуу” борборунун өкүлдөрү, ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев баштаган эмгек жамаат жана студенттер катышышты. Иш-чарада ректор студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жаткан борбордун ачылышы менен куттуктап, конокторго ыраазычылык билдирди. Борбордун директору Ж.Мамашева катышуучуларга борбор тууралуу баяндама жасап, эки окуу жайдын Япон өлкөсү менен кызматташуу боюнча атайын келишимдерине ылайык, студенттерге япон тилин үйрөтүп, окууну аяктагандан соң жумуш менен камсыз кылуу максатында ачылып жатканын маалымдады. Үстүбүздөгү окуу жылда ОГПИнин социалдык иш адистигинде окуган студенттер ушул борбор аркылуу окутулуп, жыл аягында тилди өздөштүргөн бүтүрүүчүлөр Японияга жумушка жөнөтүлөт. Келээрки жылдан баштап башка адистиктерде окуган каалоочу студенттер да бул курска катышып, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн ала алышат.

Эскерте кетсек, өткөн жумада студенттерди жумушка орноштуруу боюнча Япониянын өкүлдөрү менен студенттердин жолугушуусу болуп, анда келген коноктор жумуш менен кандай жолдор аркылуу камсыз болоору, жумушчулардын коопсуздуктары ж.б. маселелер боюнча  лекция окушуп, катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп беришкен.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер