ЯПОНИЯ ЭЛЧИЛИГИНИН MIRAI-2021 СЫНАГЫНА КАТЫШУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 20.01.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 20 жаштан 30 жашка чейинки жаш, иштеп жаткан юристтерге (юрист, жактоочу, мамлекеттик кызматкер же укуктук тармакта тармактагы документтер менен иштеген бизнесмендер) ошондой эле, юридикалык адистиктердин кызыкдар болгон студенттери жана аспиранттарына, мамлекеттик жана бизнес тармактагы юриспруденцияга кызыккандарга MIRAI Программасына катышууну сунуштайт.

Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2021-жылдын 12-фералы, саат 16:00гө чейин. Документтер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына тапшырылат.

Программа катышуучуларын талапкерлердин арасынан япон тарабы тандап алат.

Программага өтүнмөнү тапшыруу ирээти жана башка талаптар боюнча кененирээк маалыматты Кыргыз Республикасындагы Япония Элчилигинин сайтынан https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ja/11_000001_00085.html шилтемеси аркылуу алууга болот.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер