ЯПОНДУКТАРДАН “СЕЙТЕККЕ” БЕЛЕК

  • 06.10.2023
  • 0

8-октябрда Япония элчилигинин колдоосу менен “Сейтек” борборуна 68 миң долларга концерттик залга үн жана жарык берүү жабдыктарын тапшыруу аземи болот.  

ЯПОНДУКТАРДАН “СЕЙТЕККЕ” БЕЛЕК

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлиги, Жапон мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшү эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү “Сейтек” борборунун 1- кабатынын фойесинде Жапон мамлекетинин КРдагы атайын жан ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэки Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун директору Ира Балтабаевага  үн жана жарык берүү жабдууларын өткөрүп берилет. Ал эми экинчи расмий бөлүгү концерттик залда өтөт.

Концерттик программа  “Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү” борборунун барабанчылары Ооэдодайко тобу “тайко” добулбастары менен  өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

ЯПОНДУКТАРДАН “СЕЙТЕККЕ” БЕЛЕК

— Иш-чарага Кыргызстандагы бардык элчиликтерден өкүлдөр келишет. Грантты 15 жылдан бери жазып келдик. Жыл сайын элчилик жиберген суроолоруна жооп берип, кайра жаңылап турчубуз. Грантты берүү бардык механизмдерине дал келүү үчүн суроолоруна так жооп берип келдик. Жабдыктарды сатып беришти. Аны өзүбүздүн кызматкер иштетип жатат. Бирок айрым түшүнбөй калган жери болсо, “Ямаха” фирмасына чыкса, алар келип, көрсөтүп беришет, — дейт борбордун директору Ира Балтабаева.

Иш-чара Балдар жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунун таланттуу балдары даярдаган концерти менен аяктайт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер