“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАН САКТОО ЖАНА КОРГОО ЖӨНҮНДӨ” МЫЙЗАМЫНА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ

  • 20.10.2025
  • 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Үйбүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.

“ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТАН САКТОО ЖАНА КОРГОО ЖӨНҮНДӨ” МЫЙЗАМЫНА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛДЫ

 

Маалыматка ылайык, мыйзам 2025-жылдын 11-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты Аялдарга карата зомбулукту жоюу жөнүндө декларация боюнча (БУУнун Башкы ассамблеянын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/104 резолюциясы менен кабыл алынган) Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны (Генералдык Ассамблеянын 1979-жылдын 18-декабрындагы 34/180 резолюциясы менен кабыл алынган), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513 Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетүү боюнча 2022–2024-жылдарга улуттук иш-аракеттер планынын 8-максатынын 25.2-пунктун ишке ашыруу болуп саналат.

Мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат:

— камактын мөөнөтүн жети суткадан он төрт суткага чейин көбөйтүү;

— үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузууларды жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч айга чейинки мөөнөткө дайындалуучу электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү киргизүү;

— “Үй-бүлөлүк зомбулук” аттуу 70-беренени “куугунтуктоо” түшүнүгү менен толуктоо;

— үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууну жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программадан же белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү өтүүдөн баш тартуусу үчүн жети суткадан он төрт суткага чейин камакка алуу түрүндө жаза чарасын колдонууну бекитүү;

— ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ар бир билдирүү боюнча тобокелдиктерге баа берүү боюнча ыйгарым укуктарды бекитүү.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер