“XXI КЫЛЫМДЫН КАДРЛАРЫ”

  • 19.10.2021
  • 0

ОшМУда «XXI КЫЛЫМДЫН КАДРЛАРЫ» аттуу жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат.

Форумга И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен, Кыргызстан эл аралык университетинен,  Кыргыз улуттук университетинен, Кыргыз экономикалык университетинен, Баткен мамлекеттик университетинен, ошондой эле Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, студенттер катышып жатышат.
Ачылуу аземинде ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова жалпы катышуучуларга окуу жай тууралуу маалымат берип, биринчи иш-чарасы өтүп жаткан форум мындан ары да салтка айланып уланып, республикадагы жогорку окуу жайлардын демилгелүүү, алдыңкы студенттеринин пикир алышып, ой бөлүшкөн аянтчасы болуп калуусун белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты, Республикалык Аялдар Кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева форумдун ишине ийгилик каалап, жогорку окуу жайлардын алдыңкы, активдүү окутуучуларын, Аялдар кеңешинин төрайымдарын, студенттик кеңештин төрагаларын Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлады.
Форумдун алкагында “Университет жана студент”, “Жаштар жана мамлекет” деген темаларда панелдик талкуулар болду.
Күндүн экинчи бөлүгүндө студенттер үчүн “Чилистен” акыл таймашы, “XXI кылымдын компетенциялары” көндүмдөр чемпионаты, “Келечек чакырыктары” студенттик эмгектердин кароо-сынагы, компьютерде текст терүү, пазл чогултуу, кубик-рубик чогултуу, компьютердик графикалык дизайн, котормо иши багыттарында сынактар өтөт.
20-октябрда коноктор үчүн спорттук мелдештер, ОшМУнун окуу имараттарына жана Ош шаарындагы кооз жайларга саякат уюштурулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер