XVII ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫ: КЫРГЫЗСТАН 9 МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

  • 18.01.2021
  • 0

8-13-январда онлайн форматында математика, физика жана информатика боюнча XVII Эл аралык Жаутыков олимпиадасы болуп өттү. Аталган олимпиадада бүткүл дүйнөдөн чогулган 146 командадан 1006 окуучу катышты.

Кыргызстандын окуучулары информатикадан 6 коло медалдарга жана математикадан 3 коло медалдарга ээ болушту. Ошондой эле олимпиадалык резервтин тренерлери үчүн өзгөчө IMPACT олимпиадасы уюштурулду.

«Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими Ишматов Мамат алтын медаль менен, ал эми УК АФМШЛ 61 информатика мугалими Беляев Артем жана «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин мугалими Саматов Манас мактоо грамоталары менен сыйланышты.

Математика боюнча коло медаль менен сыйлангандар:

Аты жөнуМектепТренер
1Эсенгулов ЭрболУК АФМШЛ 61Ишматов Мамат
2Аскербеков ТилекЧ. Айтматов атындагы лицейАскаров Азамат
3Апиев ЭрданОш “Сема” лицейиАскаров Азамат

 

Информатика боюнча коло медаль менен сыйлангандар:

Аты жөнуМектепТренер
1Давлетов ИсламЧ. Айтматов атындагы лицейУрайымов Кылычбек
2Дыйканбаев ТалантЧ. Айтматов атындагы лицейУрайымов Кылычбек
3Айдаров АртурЧ. Айтматов атындагы лицейУрайымов Кылычбек
4Бейшекеев ДаниярМ. Субакожоев атындагы лицейУрайымов Кылычбек
5Алмазбеков БексултанИ. Раззаков атындагы лицейУрайымов Кылычбек
6Исмаилов АсылбекУВК “Кут-Билим”Саматов Манас

 

Олимпиадалык резервтин тренерлери үчүн IMPACT олимпиадасында медаль менен сыйлангандар:

Аты жөнуМектепПредметСыйлык
1Ишматов Мамат«Газпром Кыргызстан»математикаАлтын медаль
2Беляев АртёмУК АФМШЛ 61информатикаМактоо грамотасы
3Саматов Манас“Кут-Билим”информатикаМактоо грамотасы

Пандемияга байланыштуу эл аралык предметтик олимпиадалар онлайн режиминде өткөрүлүүдө. Уюштуруучулар онлайн режиминдеги видео байкоо, олимпиаданы видеого жазуу жана башка шарттарды сактоону талап кылышат. «Газпром Кыргызстан» мектеби, Ч. Айтматов атындагы лицей, УК АФМШЛ №61 жана KSMS мектептер техникалык тараптан бүт талаптарга жооп берип XVII Эл аралык Жаутыков олимпиадасын жогорку деңгээлде өткөзүүгө мүмкүнчүлүк беришти. Олимпиада эрежелерин сактоо боюнча видео байкоо режиминде эксперттер көзөмөлдөштү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер