WORLDSKILLS SHANGHAI 2026: №18 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ
- 28.09.2026
- 0
Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү Ханифа Сыргакова Шанхай шаарында өткөн WorldSkills Shanghai 2026 кесиптик чеберчилик боюнча дүйнөлүк чемпионатынын жыйынтыгында «Best of Nation» кадыр-барктуу сыйлыгына ээ болду. Ал «Мода технологиясы» компетенциясы боюнча күч сынашып, Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуучулары арасында эң жогорку жыйынтык көрсөткөн. 
Үстүбүздөгү жылдын 22–27-сентябрь күндөрү өткөн мелдештин масштабы кенен болуп, анда дүйнөнүн 68 өлкөсүнөн жана аймагынан келген 1400гө жакын жаш адис 64 компетенция боюнча катышты. Кыргызстандын курама командасы «Ширетүү технологиялары», «Ашпозчулук иши», «Мода технологиясы», «Өнөр жай дизайнынын технологиялары», «Графикалык дизайн технологиялары», «Веб-технологиялар» жана «Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу» сыяктуу жети багыт боюнча өлкө намысын коргоду. Курама команданын мелдешке катышуусун «WorldSkills Kyrgyzstan» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте уюштурду. 
Эскерте кетсек, Кыргызстан WorldSkills кыймылына 2023-жылдын 27-сентябрында Ирландиянын Дублин шаарында өткөн Башкы ассамблеянын сессиясында 86-мүчө өлкө катары расмий кошулса, 2026-жылы WorldSkills International уюмунун толук укуктуу мүчөсү болгон. Бул кадам мектептердин жана кесиптик лицейлердин студенттери, окутуучулары менен эксперттери үчүн кесиптик өнүгүүнүн жаңы горизонтторун ачып, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң дем берет.
А.К., «КБ»