WORLDSKILLS Kyrgyzstan: кыялдар чындыкка айланды
- 17.04.2025
- 0
14-апрелде 18-апрелге чейин республикадагы кесиптик лицейлер менен колледждердин мыкты студенттеринин арасында экинчи Улуттук WorldSkills Kyrgyzstan чемпионаты өтүп, жеңүүчүлөр 27-29-ноябрда Тайбэй шаарында өтүүчү WorldSkills Asia эл аралык чемпионатына Кыргызстандын атынан катышууга жолдомо алды.
Чемпионатка аймактардагы жана Бишкек шаарындагы кесиптик лицей, колледждердин окуучулары арасында мыкты деп табылган 28 окуучу катышты. Билим берүү жана илим министрлигинин Баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова чемпионатка жалпы беш миң окуучу катышканын айтып, окуучулардын билим сапатын дагы да жогорулатуу максатында лицейлердеги шаймандар, кесиптик стандарттар, программалар жакшыртыларын белгиледи. Ошондой эле иш берүүчүлөр менен кызматташтык күчөтүлүп, мастерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн да чет элдиктер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
- Бул уникалдуу таймаш десем жаңылбайм. Эл аралык чемпионатка катышуу беш жыл мурда биздин кыялыбыз болсо, бүгүнкү күн ал чындыкка айланды. Asia чемпионатында да жеңүүчүлөрүбүз мыкты жетишкендиктерди көрсөтөт деп ишенем, — деди Гүлнур Мамырова.
Биринчи жолу биринчиликте
Окуучулар ширетүүчү, мода технологиясы, ашпозчу багыттары боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында, ашпозчу категориясы боюнча 1-орунду Чүй облусундагы №56 лицейдин окуучусу Алия Даутахунова, ширетүүчүлүк боюнча Ысык-Көл облусундагы №22 лицейдин окуучусу Максатов Марлен жеңип алса, мода технологиясы тармагында Кыргыз мамлекеттик техникалык колледжинин 3-курсунун студенти Сулайманова Мадина утуп, аларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, WorldSkills Asia эл аралык чемпионатына чейин да 1-2-3-орундун ээлери арасында өз ара таймаш өтөт.
Ашпозчу категориясы боюнча жеңүүчү аталган Алия Даутахунованын кубанычында чек жок. Себеби ага бул жеңиш күтүүсүз келген.
- 1-орунду алганыма абдан кубанып жатам. Чемпионатка катышып жатканда жеңүүүчү болом деген ой болгон эмес. Себеби эскертүүлөр, катачылыктар бар эле. Меню түзүү, өзгөчө жасалга ойлоп табуу мен үчүн жеңил болгон жок. Бирок ар бирин технологиянын негизинде кылдаттык менен аткардым. – дейт жеңүүчү.
Чемпионаттагы каршылаштары күчтүү болгонун белгилеген Марлен Максат уулу жеңип чыгуу оор болгонун айтат. Анткени арасында тажрыйбалуулары да бар эле. Бирок дуалдык билим берүүнүн чоң жардамы тийип, ал жерден алган тажрыйбаларын колдонгон.
- Чынында, күткөн жокмун. Себеби биринчи күнү жетишпей жаткам. Анүстүнө, катышуучулардын арасында 2-3-курстар турса, кантип эле жеңмек элем деп ойлогом. Бирок күчтүү даярдык көргөм. Жеңишке жетүүмө мастерим Манап агайдын эмгеги зор. Ал мени цехтен чыгарбай, күнү-түнү даярдады. Эми эл аралык деңгээлдеги чемпиоантка Кыргызстандын атынан барып жаткандан кийин мындан да катуу даярданып, колумду машыктырышым керек, — дейт жеңүүчү.
Ал эми мода технологиясы тармагынын жеңүүчүсү Мадина Сулайманова буга чейинки сынактарда жалаң 2-орунду алып жургөнүн, биринчи ирет бириинчиликке жетишкенин айтат. Ал эми тигүү тармагына капысынан, апасынын айтуусу менен келип калганын белгиледи.
- Бизге төрт модуль берилди. Башка катышуучулар бат-баттан кыймылдашса, мен ар бирин кылдаттык менен жасадым. Ошого 4-орунду алсам деле жакшы деп аткам. Бирок таңдан кечке чейин даярданчумун. Буга чейин классикалык, балдар кийимдерин жараткам. Атайын тажрыйба топтоо үчун тигүү цехтеринде каникул учурунда иштейм. Быйыл окууну аяктасам жумушум даяр, сунуштары көп, — дейт кубана Мадина.
Мастерлер да күч сынашты
Биринчи Улуттук чемпинаттан өзгөчөлөнүп, бул жылы мастерлер арасында да Master skills сынагы өттү. Анда ашпозчу багыты боюнча 1-орунду — Жалал-Абад облусундагы №89 лицейдин мастери Омор кызы Айзат, мода технологиясынан – Ош шаарындагы №16 лицейдин мастери Раимберди кызы Перизат, ширетүүчүлүктөн – Бишкектеги №4 лицейдин мастери Казаков Евгений жеңип алды.
Төрт жылдан бери Кара-Көл шаарындагы №89 лицейде мастер катары эмгектенип келе жаткан Омор кызы Айзаттын айтымында, сынак үч модулдан туруп, медальон, цезарь, мильфей азыктарын жасашты. Тамактардын даамына эле эмес, шаймандардын колдонулушу, тазалык, айтор, бардык этаптар ийне-жибине чейин каралды.
- WorldSkills чемпионатына быйыл 2-ирет катышуудабыз. Былтыр биздин окуучубуз ашпозчулук боюнча 1-орунду багындырып, Францияга жолдомо утуп алган. Быйыл мастерлердин арасында өзүм 1-орунга ээ болдум. Master skills сынагынын өтөрү Улуттук чемпионатка аз убакыт калганда гана белгилүү болду. Албетте, окуучуларга караганда мастерлерге күчтүү талап коюлду. Бирок өзүм бул тармакта 15 жылдан бери иштегендиктен, катышуу оор деле болгон жок, — дейт мастер.
Дээрлик 15жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенген Виктор Адамов WorldSkills Kyrgyzstan чемпионатында ашпозчулардын башкы эксперти болду. Эксперттин айтымында, катышуучулар тамак-ашты техникалык комиссия алдын ала бекиткен тапшырма боюнча даярдашты. Бардык катышуучулар бирдей шарттарда жана азыктар менен иштешти. Сынак эки күн, алты сааттан өтүп, төрт модулга бөлүндү. Калыстар тобу тамактардын даамына гана эмес, сырткы көрүнүшүнө, жумуш ордун уюштурууга, текстура, презентация, оригиналдуулук жана бышыруу техникасына да баа беришти. Санитардык нормалар, тазалык, продукцияга кылдат мамиле кылуу, убакыттын так сакталышы, жабдуулардын туура пайдаланылышы да эске алынды.
Уюштуруучулар кесиптик лицейлердин жана колледждердин студенттеринин мындай эл аралык чемпионаттарга катышуусу Кыргызстандын кесиптик билим берүү системасын чыңдоодо жана жаштардын заманбап окутуу стандарттарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүдө маанилүү кадам саналарын баса белгилешет.
Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”
Комментарийлер