WORLDSKILLS ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

  • 22.02.2024
  • 0

20-22-февралда Бишкек шаарында кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин биринчи улуттук чемпионаты өтүп, Францияга барчу жеңүүчүлөр аныкталды.

WORLDSKILLS ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Чемпионатка үч: ашпозчу, ширетүүчү, мода технологиясы адистиктеринде  билим алган, аймактар арасында мыкты деп табылган 19 окуучу катышты. Улуттук чемпионатта жеңүүчү аталган окуучулар 2024-жылдын 14-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышууга жолдомо алды.

WORLDSKILLS ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Чемпионатта ширетүү технологиясы адистиги боюнча 1-орунду -Беловодск шаарындагы №28 кыргыз-орус лицейинен Эльдар Бакиров, 2-орунду  №62 кесиптик лицейинен Максим Ходунов,  3-орунду — Бишкек шаарындагы №27 кесиптик лицейинен Илья Герасименко,   ашпозчулук багыты боюнча Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы №89 кесиптик лицейдин окуучусу Абдиталипова Аяна 1- орунду, Балыкчы шаарындагы №22 кесиптик лицейинин окуучусу Камиля Нурланова 2-орунду,  Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейинин окуучусу Аман Тазабеков3-орунду алды. Мода технологиясы боюнча ОшМУнун алдындагы Индустриалдык-педагогикалык колледждин окуучусу Жолдошбай кызы Наргиза биринчи орунду ээлесе, экинчиликти  И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинен Аймир Ренадов, ал эми үчүнчү орун  Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя Тоо-кен техникалык колледжинен Диера Сайдуллаева алып, медаль жана акчалай сыйлактарга ээ болушту. Ар бир багыт боюнча биринчиликти алган окуучулар дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алды.

WORLDSKILLS ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Окуучулар арасындагы сынак эки күнгө созулду. Аларга модулдар боюнча тапшырмалар берилип, атайын коюлган критерийлер боюнча бааланды. Ар бир модулга 0.2 балл коюлду. Чемпионаттын тапшырмасы бир жума мурда айтылып, конкурс өтүп жаткан күнү да 30% өзгөртүүлөр киргизилди.

WORLDSKILLS ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

WorldSkills стандартына ылайык, үч багыт боюнча 15 эксперт тандалып алынып, атайын эки күндүк окуудан өттү. Эксперттер тобун жумуш берүүчүлөр, жеке ишкерлер, дегеле билим берүү тармагына такыр катыштыгы жок адамдар түздү. Ашпозчулук боюнча башкы эксперт болгон  КР ашпозчулар ассоциациясынын президенти  Берик Эгинбаевдин айтымында, алар окуучу тарабынан жасалган тамактын өзүнө гана баа берди. Тамактардын жанына мекеменин же катышуучунун аты жазылган жок. Жыйынтыктоочу балл да автоматтык түрдө эсептелип, адамдык фактор болгон жок. Ашпозчулар үч: форелден брускетта, рулет тамактарын жана шоколад фонданы десертин жасашты. Эксперттер окуучулардын ар бир кыймыл-аракетин, тамак-аш калдыктарынын чыгышы, тазалыгы, гигиенасы, калькуляция, тамактын көрүнүшү, коопсуздук техникасынын баарын карап, баалады. Ар бир модуль боюнча тамак жасоого бир жарым саат убакыт берилип, анын жарым сааты тамакты презентациялоого арналды. Тажрыйбалуу ашпозчу окуучулардын аракети жогору болгонун, аларга көңүл буруп, психологиялык, эмоционалдык жактан колдоп, жакшы сөзүн айтып, шыктандырып турганын айтты.

WORLDSKILLS ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Аталган адистик боюнча жеңүүчү аталган Аяна Абдиталипова атаандаштарынан алдыга озуп чыкканына ишене албай, сезимдери менен бөлүштү.

  • Учурдагы абалымды сөз менен жеткире албайм, ушунчалык башкача сезимдер курчап турат. Бизге балык менен иштерибиз алдын ала айтылгандыктан, даярданууга убакыт болду. Колумдан келишинче жакшы жасаганга аракеттендим. Көп кыйналган жокмун. Убакытым кенен болду. Алдыда Францияда өтө турган чемпионатка даярданабыз. Мойнумда чоң жоопкерчилик бар экендигин сезип турам. Чет жерден да жакшы ийгиликке жетем деген ниеттемин, — дейт жеңүүчү.

WORLDSKILLS ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Ал эми мода технологиясы боюнча биринчиликти багындырган Наргиза Жолдошбай кызы келечекте конструкциялоо багытын алып кетүүнү каалайт. Буга чейинки аймактар арасында өткөн чемпионатта жеңүүчү болоруна өзү ишенип барса, бул сапар атаандаштарынын күчтүүлүгү аны ойлондурган.

  • Лицей, аймак аралык тур өтүп жатканда өзүмө абдан ишенгем. Кыялым орундалып, биринчи орунду алдым. Бирок республикалык турга келгенде эмнегедир чоочуладым. Себеби атаандаштарым канчалык күчтүү экендигин көрдүм. Кудайдын буйругу экен, бул сапар да алдыга озуп чыктым. Улуттук чемпиоантта костюм тиктик, макет түзүү боюнча көйнөк жасадык. Атайын чемпионатка жакшы тилек менен өзүмө образ тигип, кийип келдим, — дейт Наргиза Жолдошбай кызы.

WORLDSKILLS ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

№28 кыргыз-орус лицейинин окуучусу Элдар Бакиров болсо, жаштайынан ширетүү иштерине кызыгып жүрүп, ушул багыттагы окууга тапшырган. Чемпионатка “биринчи орунду алам” деген максат менен катышкан.

  • Буйруса, максатым орундалып, кубанычымда чек жок. Эки айдан бери даярдап, ширетүүнүн бардык сырларын, ыкмаларын үйрөтүп келген мастерлериме ыраазычылыгымды билдирем. Албетте, атаандаштык күчтүү болду, биз билбеген модулдар боюнча тапшырмалар берилди. Бардык аракетим акталганына сүйүнүп турам, — дейт жеңүүчү.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер