WEB OF SCIENCE ПЛАТФРМАСЫ БОЮНЧА ОКУТУУ СЕМИНАРЫ

  • 06.02.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу илим департаменти жана КыргызТүрк «Манас» университетинин  эксперттери Web of Science  платформасын пайдалануу боюнча  окутуу семинарын  уюштурду.

WEB OF SCIENCE ПЛАТФРМАСЫ БОЮНЧА ОКУТУУ СЕМИНАРЫ

 2018-жылдын 27-декабрында Билим берүү жана илим министрлиги жана Clarivate Analytics компаниясы (буга чейин — Thomson Reuters компаниясынын Интеллектуалдык менчик жана илим изилдөө бөлүгү)  жаңы 2018-жылга кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Кол коюлган кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын бардык окуу жайлары жана илимий уюмдары  эл аралык Web of Science  илим изилдөөчү платформасынын  мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат.

2017-жылдын январынан ноябрына чейин Кыргызстандын 33 жогорку окуу жайлары жана илимий уюмдары Web of Science платформасына кошулду.  1-2-февралда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эксперттери биргелешип, бул платформаны пайдалануу боюнча окутуу семинары уюштурулду.

Окутуу программасына Web of Science Core Collection маалымат базасы, Journal Citation Reports отчеттору, EndNote online и ResearcherlD маалыматтар каражаттары боюнча теориялык жана практикалык окуулар кирди.

Катышуучулар аталган платформа менен кантип иштөө керектиги  жөнүндө маалымат бере алышат. Ошондой эле конкреттүү маселелер боюнча, макалаларды жарыялоо үчүн журналдарды тандап алуу, изилдөөнүн тиешелүү багыттарын аныктоо, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана каржылоо булактары жөнүндө кеңештерди бере алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер