ОКУУЧУЛАРДЫ КЕСИПКЕ БАГЫТТООЧУ ОНЛАЙН САБАКТАР

  • 27.05.2020
  • 0

«Иш менен камсыздоого жана эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоорундагы пилоттук мектептердин мугалимдери кесипке багыттоо материалдарын шартка байланыштуу онлайн режимге ыңгайлаштырууда. Бул долбоор Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылууда.

ОКУУЧУЛАРДЫ КЕСИПКЕ БАГЫТТООЧУ ОНЛАЙН САБАКТАР

Карантинге карабай, пилоттук мектептерде кесипке багытоочу иштер уланууда: тогузунчу класстардын окуучулары болочоктогу адистигин таяндоого даяр болуш үчүн кесиптик багыттар боюнча билим алып жатышат.

Өлкө боюнча 8 шаардагы 24 пилоттук мектепте иштеген 18 мугалим кыргыз жана орус тилдеринде 18 видеосабак даярдады. Бул сабактар окуучуларга өзүнүн жеке жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, кесибин өз алдынчоо тандоого жардам берет. Кесипке багыттоочу программанын алкагында жогорку класстын окуучулары изилдөө долбоорлорунун үстүндө иштеп жатышат. Бул аларга өз кызыгууларын жана шык-жөндөмдөрүн аныктоого, педагог жана ата-энелеринин жардамында кесиптик багыттарды тереңирээк түшүнүүгө көмөк болот.

ОКУУЧУЛАРДЫ КЕСИПКЕ БАГЫТТООЧУ ОНЛАЙН САБАКТАР

Видеосабактар кесиптер менен «чыныгы» жолугушууларды виртуалдык  түрдө чагылдырат. Видеосабактарда виртуалдык мүнөздөгү материалдарды колдонуу, ошондой эле видеосюжеттерден алынган маалыматты иргөө, талдоо окуучуларга кесип тандоодогу аракеттердин планын түзүүгө жардам берет.

Тогузунчу класстын бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт берүүчү программалардын алкагында эмгек рыногунунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билип, ар кайсы кесиптин өкүлдөрү менен буга чейин өткөн чыныгы жолугушуулардан алган шык-жөндөмдөрүн бекемдешет. Жыйынтыгында эмгектин заманбап дүйнөсүн жана заманбап кесиптердин негизги компетенцияларын түшүнө алышат.

ОКУУЧУЛАРДЫ КЕСИПКЕ БАГЫТТООЧУ ОНЛАЙН САБАКТАР

Ар бир бүтүрүүчү кесипти тандоодо эмгек рыногундагы суроо-талапты эске алып, кайсы кесиптер бүгүн актуалдуу, эртең ал кесиптин келечеги кандай болорун түшүнө алышы керек. Бүтүрүүчүлөр ата-энелери менен биргеликте кесипти тандагандан кийин ошол тандалган адистикке керек компетенцияларды өзүндө өнүктүрүшү шарт.

Германиянын эл аралык кызматташтык коому ишке ашырып жаткан   (GIZ) «Иш менен камсыздоого жана кесипке батыттоого көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоору Кыргызстандын 24 пилоттук мектебинде кесипке багыт берүүчү системаны түзүүгө жардам берүүдө.

Кесипке багыт берүүчү видеосабактардын тизмеси:

https://youtu.be/Mu3YX6X9zDs?t=880

https://youtu.be/QqTbH9Z3CkQ

https://youtu.be/KmRQwKv9wMY

https://youtu.be/vKa78JwrNz8

https://youtu.be/3yfJYlFKuw4

https://youtu.be/hXU2RArXfKI

https://youtu.be/MUjUul1gE_s

https://youtu.be/SNifQigehiU

https://youtu.be/SU5oqLXtHs4

https://youtu.be/8NiqNErGUyE

https://youtu.be/TaYtPAH4ZnA

https://youtu.be/JxdbXwFND0A

https://youtu.be/ntIDMzObcyU

https://youtu.be/LBZyMeU0uMk

Бөлүшүү

Комментарийлер