ВОЛЛЕЙБОЛ БОЮНЧА ЭНЕЛЕР ЛИГАСЫ ӨТТҮ

  • 21.06.2018
  • 0

20-июнда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) Кыргыз Республикасынын Волейбол боюнча федерациясы өлкөнүн түштүк аймагындагы волейбол боюнча энелер лигасынын командалары арасында мелдеш өткөрдү.

Мелдешке 14 команда: Ош областынан – 9, Жалал-Абад областынан – 4, Баткен областынан – 1 команда катышты. Жыйынтыгында биринчи орунду Ош облусунун “Ош” командасы, экинчи орунду Жалал-Абаддын “Көк-Арт” командасы, үчүнчү орунду дагы бир Оштун “Ош-Датка” командасы ээледи.

Оюндун уюштуруучулары, катышуучулары ЭАУ ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыковго мелдешке мыкты шарт уюштуруп бергени үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер