ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТҮҮДӨ

  • 15.11.2021
  • 0

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө.  

Мелдешке сегиз: “Дордой”, “Салам Алик”, “Улар”, “ОшМУ” “ВВ МВД”, “Билим”, “Дилгир”, “Келечек”  командалары катышууда. Оюн үчүнчү турдун жыйынтыгы менен  7-декабрда жыйынтыкталат. Учурда экинчи тур жыйынтыкталуу алдында турат. И. Арабаев атындагы КМУнун алдында куралган “Билим” командасынын кыздары экинчи турдун жыйынтыгы менен 6-орунга ээ болушту. Экинчи турда 1-орунду — “Дордой”, 2-орунду — “Салам Алик”, 3-орунду — “Улар”, 4-орунду  — “ОшМУ”, 5-орунду — “ВВ МВД”  командасы ээледи.

Эске салсак, волейбол боюнча кыздар арасындагы мелдеш жыл сайын өткөрүлүп келет. Ага республиканын баардык аймагынан кыз-келиндерден куралган командалар катыша алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер