ВЛКСМдын 100 ЖЫЛДЫГЫН МАЙРАМДООГО БАЙЛАНЫШТУУ КЫРГЫЗСТАН КОМСОМОЛУНУН АРДАГЕРЛЕРИНИН РЕСПУБЛИКАНЫН ЖАШТАРЫНА КАЙРЫЛУУСУ

  • 12.06.2018
  • 0

Ардактуу достор!

2018-жылдын 29-октябрында Бүткүл Союздук Лениндик Коммунисттик жаштар Союзунун түзүлгөн күнүнө 100 жыл толот. ВЛСМнын катарларында турууу биздин мурдагы улуу өлөбүздүн бардык жаштары үчун бийик урмат-сый болгон, бүгүн ага тең келе турган аналогу жок, улан-кыздардын уникалдуу массалык коомдук уюму болуп саналган.

Комсомолдун тарыхы — мурдагы СССРдын, биздин ата-бабаларыбыздын даңктуу тарыхынын ажырагыс бөлүгү, өлкөнүн жаш муундарынын жарандык жактан калыптанышы менен эрезеге жетүүсүнүн унутулгус учуру.

Комсомолдун аркасы менее күжүрмөн бир туугандыктын, эмгектик эрдик менен атуулдуктун мыкты мектебинен мурдагы биздин бирдиктүү мамлекетибиздин миллиондогон, анын ичинде, Кыргызстандын да жаштары өтүшкөн. Бүткүл өлкөнүн эли, улан-кыздары менен бирдикте алар мекенибиздин индустриялдык жана агрардык күч-кубатын түзүүгө жигердүү катышып, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында өлкөнү коргошту, бүлүнгөн эл чарбасын калыбына келтирүүгө, дың жерлерди өздөштүрүүгө чоң эмгек сиңиришип, Бүткүл союздук эпкиндүү комсомолдук курулуштарында өз күчтөрүн аябастан, күжүрмөндүк менен иштешти. Кыргызстандын комсомолдору калктын кат сабатсыздыгын жоюуга, эскинин калдыктары менен күрөшүүгө, турмуш-тиричиликке советтик жаңы үрп-адаттарды киргизүүгө баа жеткис салым кошуп, жаңы маданиятты, адабиятты жана искусствону түзүүнун башатында турушту. Комсомолдук кызматкелер менен активисттер Кыргызстандын Совет мезгилиндеги мамлекеттик, чарбалык, илимий-техникалык жана маданий курулуштун башкаруучу кадрларын калыптандыруунун негизи болуп калышты. Кыргызстан комсомолунун уюмунун сыймыгы болуп, анын республиканын жаңы эл-чарбалык объектилерин курууга активдүү катышкандыгы саналат. Комсомолдун шефке алган экономикалык маанилүү тармактарынын катарында: “Алмалык” көмүр кени, Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСи, Фрунзе ЖЭБИ, автожыйноо заводу менен борбордогу камвол-ноотулук комбинат, Оштогу пахтадан жип ийритүү комбинаты, Кант цемент-шифер комбинаты, бийик тоолуу “Фрунзе-Ош” жолу кирген.

Он миңдеген ашуун комсомол мүчөлөрү Бүткүл союздук комсомолдук жаштар курулуштарында, анын ичинде Байкал-Амур магистралына, Кама автозаводуна, “Атомашка”, “Ростсельмашка”, Новолипецк металлургиялык заводко, Братск алюминий заводуна, Москвадагы Олимпиадалык комплекске жана башка көптөгөн жерлерге жөнөтүлгөн.

Экономиканын өнүгүшүнө республиканын жогорку окуу жайларынын студенттик курулуш отряддары олуттуу салым кошушту. Алсак, 1977-жылы эле 16240 студент өлкөнүн 611 объекттерин курууга тартылып, 50 миллиондон ашык капиталдык салымдарды өздөштүрүшкөн.

Комсомол бир гана саясат, идеология же үгүт-насыят иштери, ошондой эле, чыныгы достук жана сүйүү, студенттик жана жаңы жолдор менен ачылыштардын романтикасы, ал жалпы максаттар менен тилектер, эң башкысы – Ата Мекендин тагдырына ортоктоштук, айкын-ачык иштер жана эмгектик эрдиктер менен өз өлкөсүнө пайда келтирүү деген түшүнүк.

Мезгилдер тынымсыз өзгөрүлө берет, бирок комсомол жаштарды тарбиялап берген чыныгы балуулуктар: бүткүл жүрөгүң менен Мекенди сүйүү жана аны сактоо, өз элиңдин тагдыры жөнүндө ойлоо, анын келечегине ишенүү ар дайым кала бермекчи. Бүгүн – биздин өлкө экономиканын жаңы шартында инновациялык өнүгүүнүн, өндүрүштү модернизациялоонун, экономикалык жактан көз карандыксыздыгына жетишүүнүн жана түпкүлүктүү улуттук кызыкчылдыктарын коргоонун жолуна түшкөн кезде, биздин жаштардын чыгармачылык жана эмгектик дарамети мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде талап кылынып жатат, анткени ал коомдук турмуштун бардык чөйлөрүндө техникалык жана технологиялык ийгиликтерди жаратууга жөндөмдүү экендиги белгилүү. Ал эми, мындай эң маанилүү милдеттерди мурдагы муундардын өтө бай тажрыйбасына гана таянуу жолу менен чечүүгө болот. Комсомол жаштарды тарбиялоонун өтө чоң тажрыйбасына ээ, ошондуктан анын улан-кыздары тарбиялоо ишинде кеңири колдонуу керек.

Жаштарга улуу муундардын күжүрмөн эмгектик, патриоттук жана мекенчилдик салттарын жайылтуу максатында “Комсомол” коомдук бирикмеси түзүлүп, ийгиликтүү иштеп жатат. ВЛКСМдын 100 жылдык маарекесинин босогосунда бийлик органдарынын колдоосу астында, жаштар бирикмелери, ардагерлердин коомдук уюмдары, маданият, билим берүү, искусство мекемелери, өндүрүш ишканалары, бизнес турпаттары менен тыгыз бирдикете аны татыктуу тосуп алуу боюнча кеңири иштерди жайылтууну мерчендештирилип жатабыз. Республиканын бардык аймактарындагы жаштардын коомдук уюмдары, райондор жана шаарлардын жаштар активи менен бирдикте комсомолдун маанилүү тарыхый окуяларына байланышкан эстеликтерди, обелискттерди, мемориалдык жайларды тартипке келтирүүгө, издөөчүлүк отряддарынын иштерин жандандырууга жана аларга колдоо көрсөтүүгө чакырабыз.

Биз, силерге, кымбаттуу жаш досторубузга, өлкөбүздү социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча алдыда турган милдеттерди чечүүдө өсүп келе жаткан муундарды ыймандуулуктун, патриотизмдин, интернационализмдин, эмгекчилдиктин духунда тарбиялоодо дагы тыгызыраак таасирдүүлүккө жана өз ара аракеттенүүгө чакырып кетебиз.

Биз силерди ГТО – эмгекке жана коргонууга даярбыз комплексинин алкагында физикалык жактан даярдоонуну кайрадан жандандырууга чакырабыз. Ден соолук, дене тарбия жана спорт менен машыгуу жана жашоонун сергек мүнөзүнүн, таза духтун жана чыгармачылык энергиянын кепили болуп саналат. Биз силерди, өлкөнүн мектептери менен жогорку окуу жайларында интернационалдык, достуктун клубдарын кайрадан түзүп чыгууга чакырабыз.

Кыргызстандын студенттик жаштарына, студенттик отряддардын ишин кайрадан баштоону, жаштардын өздүк көркөм чыгармачылыгынын “Студенттик жаз” фестивалдарын, жаш илимпоздор менен ойлоп табуучулардын кароолорун өткөрүнү сунуш кылабыз. Бул максатта улуу муундардын турмуштук бай тажрыйбасын, комсомолдун жана бүгүнкү жаштар кыймылынын, мезгилдин сыноосунан өткөн мыкты салттарын биздин Ата Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн кеңири жана чечкиндүүлук менен колдонолу.

Биз, бардык кыргызстандыктарга, комсомолду өлкөбүздү өнүктүрүүгө, жаш муундарды ыймандуулукка, атуулдукка тарбиялоо ишине кошкон салымына татыктуу баа берүүсүн суранып кетебиз.

Биз, силерди комсомолдун мыкты салттарын сактоого жана күчөтүүгө, биздин сүйүктүү Кыргызстандын эртеңки тагдырын чече турган жаштарды тарбиялоодо мурдагы муундардын топтогон бай тажрыйбасын колдонууга чакырабыз.

ВЛКСМдын 100 жылдыгын татыктуу тосуп алалы !

Кайрылуу комсомолдун республикалык

активинин салтанаттуу чогулушунда

2018-жылдын 25-майында кабыл алынды

Бөлүшүү

Комментарийлер